Колбасадан 4 адам ууланды. Азыктын курамынан тирүү курт чыкты

Бишкекте колбасадан 4 адам ууланып, алар колдонгон азыктын курамынан 4 тирүү курт чыккан.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу департаментинин басма сөз кызматы билдирди. 4-июнда түшкөн арызга ылайык, аталган департаменттин жана Аламүдүн райондук санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери Пригородное айылында жайгашкан колбаса чыгаруучу ишкананы текшерүүгө алышкан. Жыйынтыгында колбасаны жасоодогу технология жана сактоо нормасы сакталбагандыгы, кызматкерлердин медициналык китепчелери, ветеринардык маалым каттар жана колдонулуп жаткан продукциялардын коркунучсуз экендигин тастыктаган документтер жок экендиги белгилүү болду. Ошондой эле ишканада оңдоо иштери жүрүп жатса да, колбаса чыгаруу токтотулган эмес. Бул фактыларды эске алуу менен тиешелүү нормаларды бузууларды оңдомойунча аталган ишкананы жабуу тууралуу токтом чыгарылып, жетекчисине 2000 сом айып пул салынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Gsuita
2013-06-07 18:46:24
Кулкулуу 2000 сом айып пул салынды дегени.Алар учун баары бир 2000 ди акча ордуна да корушпой толоп коюп, дагы деле оз билгенин жасай беришет да.
0
nazira1989
2013-06-07 20:34:59
Коррупция жыттанып кетти го,ошончо чон ишкананы 2000 сом эле айып пулга жыкса,менин кулкум келип атат ээй...
0
askjanarg
2013-06-08 02:55:37
2000 сом да айып акча салынабы?андан коро ууланган адамдардын лечениесин которуп берсин.Жана ал заводту созсуз катуу текшерууго алыш керек, эгер талапка жооп бербесе жабыш керек.Дагы башка балээ чыга электе
0
beka88
2013-06-08 09:13:51
4 адам ууланса 2000сон салабы,адам экенсинерго,акчадан таштаса ап этип алган да,
0
kuyal83
2013-06-08 10:13:48
2000мин сом да салыкпы? Тем более документтери жок санитардык абалы талапка жооп бербесе, анысы аз келгенсип адамдар ууланып атса салган салыгы тиги! Чурулдашып трибунада бирин бири чукушкан депутат чукчалар карабайбы ушундайды!
0
moke
2013-06-08 13:02:54
колбаса чыгарган жерде.
олуп калган малдарды арзан сатып алып чоон залга таштай берет, ал залдын ичи куртап, арасында чычкан, келемиштер журот дейт, анан баарын чогултуп тегирменге салат да биз тамшанып жеген колбаса чыгат
0
Azat.76
2013-06-08 13:14:18
2000сом айып,машинанын багажына 200кг курту жок колбаска.
0
PROS
2013-06-08 13:31:35
Кыйратып 2000сом айып салганы жакты!))))))))))))))
0
4almalyk
2013-06-09 06:24:58
Колбасаны жебей эле коюш керек негизи,эн ыплас жерден жасалат экен да.2000 эмес 200000 мин айып пул салыш керек эле колбасниктерге.
0
belosnejka1
2013-06-10 09:04:42
2000 сом элеби. Дагы канча киши ууланды Ким билет.
0
nightman
2013-06-10 10:31:14
Bizde 4 adamdyn omuru 2000 som turat eken 4 kg kolbasa he he
0
abhaz86
2013-06-10 16:48:51
уйалсанар боло 2000 сом дегенден.
0
aidi949303
2013-06-10 23:38:25
2 милион сом салып анан иш башчысын каматып жибериш керек эле
0
ma4ak
2013-06-11 19:51:48
Алда болсо бир чиновниктикки окшойтда ошого 2000 аран салды коркушуп. Уят эле мурда акча берсе текшербей журо бергенда. Неле болтат биздин эл башчыларыбыз минтсе онолбойбузго
0
kukolka
2013-06-18 00:15:56
Бизде 4 адамдын ден соолугу ал эмес өмүрү 2000сом эле болсо "преступниктер" кылмыш кылган сайын 2000миңди ыргытып коюп Кыргызстанда ээн эркин жашаса болот экен да э.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан