"Ак илбирс" киносыйлыгына катышуучуларды каттоо башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, киносыйлыкка талапкер болуп 2017-жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат.
Киносыйлык 18 номинацияда тапшырылат:
1. "Мыкты тасма"
2."Мыкты режиссёр"
3. "Мыкты сценарий"
4."Мыкты оператор"
5. "Мыкты сүрөтчү"
6. "Мыкты композитор"
7. "Мыкты үн режиссёр"
8. "Мыкты монтаж"
9. "Мыкты даректүү тасма"
10. "Мыкты эркектин ролу"
11. "Мыкты аялдын ролу"
12."Мыкты кыскаметраждуу тасма"
13. "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон тасма"
14. "Улуттук кинематографиянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн"
15. "Дүйнөлүк кинематографиянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн"
16. "Орто Азиянын мыкты тасмасы"
17. "Орто Азиянын мыкты актрисасы"
18. "Орто Азиянын мыкты актёру"
Тасмаларды кабыл алуу 2018-жылдын 1-мартына чейин уланат. Сыйлык тапшыруу аземи 27-апрелде "Манас" кинотеатрында өтөт.
"Ак илбирс" - киносыйлыгы менен бир жыл ичинде кино жаатында эң мыкты эмгектерди жаратып, улуттук жана дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн өз ишинин мыкты адистери сыйланат.