Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы министр менен Нью-Йоркто БУУнун Коопсуздук кеңешинин иш-чараларына катышуусунун жыйынтыктары боюнча сүйлөштү. Мындан тышкары президенттин 2017-жылдын декабрь айында Өзбекстанга жана Казакстанга жасаган расмий сапарларынын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча тышкы иштер министрлиги жүргүзүп жаткан иштер туурасында маалыматты укту.
Министр президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий сапарына даярдыктын жүрүшү боюнча маалымдады.
Жээнбеков Абдылдаевге алдыдагы тышкы саясий иш-чараларга дыкаттык менен даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырма берди.