Бүгүн, 30-январда "Кеңеш" тобунун негиздөөчүсү Мүзүр Мамбетов 41 жашка толду. Ырчы SUPER.KG порталына туулган күнү менен куттуктаган билдирүүлөрдү телефону көтөрө албай, иштебей калып жатканын айтты.
"Туулган күнүм менен эң алгачкылардан болуп эртең менен ойгонорум менен жубайым Гүлмира, андан соң балдарым куттуктады. Кечинде уктаар алдында телефонумду өчүрүп коём. Эртең менен күйгүзсөм, тааныштарым жазган куттуктоолорду телефонум көтөрө албай, "катып" калып жатты. Мурунку жылдары мынчалык көп куттуктоо алчу эмесмин, быйыл өзгөчө болуп жатат. Ал гана эмес, белгилүү телеканалдар, журналисттер байланышка чыгып, куттуктоо сөздөрүн арнашты. Азырынча бул күндү кантип белгилей турганым аныктала элек. Жубайым менен өкүл балдарым кеңешип жатышат. Алар каяктан белгилейбиз дешсе, ошол жакка бара берем. Мен бүгүн "Кудайдын эрке уулумун", - дейт күлүп.
Мүзүр Мамбетов 1977-жылы 30-январда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында туулган. Бала кезинен чыгармачылыкка кызыгып, ырчы болууну самачу. Жердеш агасы Чубак Сатаевдин бардык ырларын жатка билип, анын ырларына таасирленген. Ушундан улам мектепти бүткөн соң, "Кеңеш" тобун түзгөн. Бирок ар кандай көйгөйлөргө байланыштуу топ таркап кеткен. Бишкекке келип, кафелердин биринде иштеп чыгармачыл адамдар менен таанышып, тараган топту кайрадан түзүүгө киришкен. Элге "Нике кайып", "Сирень гүлү", "Ханышам" аталышындагы ырлары менен таанылган.
30-январдын жылнаамасы.