КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков курулуш компаниялар менен бийлик бутактарынын ортосунда коррупциялык байланыштар бар деген оюн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күндө курулуш компаниялар менен бийлик бутактарынын ортосунда коррупциялык байланыштар бар. Бир дагы курулуш компаниясы уруксатты мыйзам чегинде жөн ала албайт. Курулуш компаниясы бар депутаттар деле айтып жатышат. “Түндүк электр” ишканасы уруксат бербейт экен. Уруксаттын баары сатылат", - деди Момбеков.
Жыйында көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушунун үлүш ээлеринин көйгөйлөрү тууралуу маселе каралып жатат.