Машыктыруучу: "Дирекциянын жардамы тийбегендиктен Олимпиададагы жыйынтык начар болуп калышы мүмкүн"

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы Кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган спортчу Евгений Тимофеевге колдоо көрсөткөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда маалымат жыйында лыжа спорту боюнча федерациясынын президенти жана Кыргыз курама командасынын ага машыктыруучусу Игорь Борисов билдирди.

Анын айтымында, дирекциянын жардамы тийбегендиктен Олимпиададагы жыйынтык начар болуп калышы мүмкүн.

"Олимпиада оюндарына даярдык абдан начар болду, анткени Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы бизге колдоо көрсөткөн жок. Алар биздин жайкы жана кышкы окуу-машыгуу жыйындарыбызды үзүп салды. Колубуздан келген даярдыкты көрүп, өзүбүз каражат издедик. Бирок биз тапкан каражат Олимпиада оюндарына даярданууга жеткен жок. Учурда спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы бизге 400 миң сом карызы бар. Анткени биз окуу-машыгуу жыйындарын өзүбүздүн акчабызга өткөрүп жаттык. Мунун баарына дирекциянын мурунку жетекчиси Алмаз Касенов күнөөлүү деп ойлойм", - деди Игорь Борисов.

Ошондой эле Евгений Тимофеевдин даярдыгы тууралуу буларга токтолду.

"Биз 2017-жылдын жай мезгилинде Литвада, ноябрь айында Австрияда, декабрда Италияда машыгууларды өткөрдүк. Кореяда даярданууга 12 күн бар, мелдештин стартына чейин өзүбүзгө келип, жакшы көрсөткүч менен жыйынтыктайбыз деп ойлойм. Олимпиада оюндарында Евгений Тимофеевден алдыңкы 40 спортчунун арасында боло турганын күтөбүз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2018-01-30 16:57:11
Ошончо даярданып акча коротуп анан 40 спортчунун ичине кирину максат кылсанар анда аман эле болгула эмнеге медальга курошобуз деп максат кылбайсынар алдын ала эле 40 спортчу деп лучше барбай эле койгула!
-3
Dembele84
2018-01-30 20:10:51
Ушинтип карабай койсо ким спорт менен машыгат анан?Озубуздо эле базаларды ачып,оюндарга кам коруп,ийгиликке жетишсе болот.Но чондорго баарибир аны менен иши жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан