Америкалык ырчы Леди Гага "Грэмми-2018" сыйлык тапшыруу аземинде бир да наамга ээ болбогону менен, көпчүлүктүн көңүл борборунда болгону талашсыз. Анткени ырчы кечеге жалгыз келбестен атасы жана сүйүктүүсүнүн коштоосунда келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аземге ырчыны колдоо үчүн сүйүктүү мырзасы Кристиан Карино менен атасы Жозеф Жерманотта келишкен. Бирок көпчүлүктү аларды салтанатка келгени эмес, келбеттеринин окшоштугу таң калтырган. Интернет колдонуучулардын арасында "Ушунчалык да окшоштук болобу?", "Гаганын болочок жолдошу кайнатасынын көчүрмөсү го" деген билдирүүлөр байма-бай жазылууда.
Айта кетсек, Леди Гага атасын жашоосундагы эң жакын адамы жана кеңешчиси катары санай турганын бир канча жолу чет элдик басылмаларга айткан. Анын айтымында, ал бардык жакшылыктарын атасына арнап, аны ыраазы кылуу үчүн колдон келген нерсесин жасоодон баш тартпайт.