Жогорку Кеңештин депутаты, вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 1969-жылы 31-январда Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Голбо айылында туулган. Ал 1988-жылы Фрунзе Политехникалык техникумун аяктап, гидротехникалык иштер, техника жана механиканын механизациясы боюнча адистик алган. 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин, 1999-жылы ошол эле университеттин юридика факультетин бүтүргөн.
- 1993-жылы "Сфера" өндүрүш-коммерциялык фирмада башкы бухгалтердин орун басары;
- 1995-жылы "Азнур ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коомунун коммерциялык директору;
- 1995-жылы "Корпорация Датка" жоопкерчилиги чектелген коомунун вице-президенти;
- 2000-2002-жылдары Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;
- 2002-жылы каржы министринин орун басары;
- 2002-жылы Каржы министрлигинин алдындагы киреше комитетинин жетекчиси;
- 2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернатору;
- 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты;
- 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты;
- 2010-2011-жылдары энергетика министри;
- 2011-2012-жылдары энергетика жана өнөр жай министри;
- 2015-жылы "Бир Бол" партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты;
- 2017-жылы 7-декабрда вице-премьер-министр болуп дайындалган.
31-январга карата жылнаама.