Эрмек Нурбаев YouTube каналынын күмүш баскычына ээ болду

Белгилүү алып баруучу, "Тамашоу" лигасынын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев YouTube каналынын күмүш баскычына ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына алып баруучу өзү билдирди.

"Менде YouTube каналында бир канча канал бар. Алардын бири аталган каналдын күмүш баскычына ээ болду. Ал эми дагы бир мен жетектеген канал да 100 миңге жакын катталуучу топтогон. Буюрса, ал да 1 айдын ичинде мындай баскычка ээ болот деп ишеним артып турам. Мунун негизги пайдасы баскычты алган соң YouTube менен түзмө-түз байланышта болосуң. Кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болсо да, дароо өздөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Баскычты өзүң берген дарекке жеткирип беришет", - дейт ал.

Белгилей кетсек, YouTube каналы 100 миң катталуучу топтогон каналга күмүш, 1 миллион көрөрман чогулткан каналга алтын, ал эми 10 миллиондон ашуун катталуучусу бар каналга бриллиант баскычын ыйгарат. Ал эми 2016-жылдын декабрь айында 50 миллиондон ашуун көрөрман топтогон каналга YouTube`дун логотиби түшүрүлгөн баскыч тартууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nemo2016
2018-01-31 13:26:39
Ооо куттуктайбыз азаматсын эрмекбай
+8
Kojo1995
2018-01-31 16:52:32
Арык эле бала эле былтыйып жаман семирип кетиптир
-4
ilgizk
2018-01-31 13:32:51
Биздики толька кызарат го
0
suban78
2018-01-31 13:40:08
Ээ ошондо кандай, акчалай пайдасы барбы же ключ алып эле болдубу. Ким билет жазып койсонор, мен да баштайын эгер акчасы болсо.Манастан Чубак кем бекен.
-3
Nursultan.nurik
2018-01-31 14:21:31
suban78, пайдасы ютуптан канал ачып аны 10000 минден ашуун адам корсо сага акча толоп бере баштайт ютуп каналы" демек Эрмек байке молодец убагында тамашоуну ачып азыр пайдасын ютуптан дагы коруп атат" алдыны коро билген байке "
+6
Beks.Kasymov
2018-01-31 13:52:18
акчалай сыйлык берилбейт жон гана мотивация,канча коп подписчик канча лайк,просмотр коп болсо ошого жараша акча берилет.биз менен чогу иштеген орус бала 1млн подписчик чогултуп азр иштевей еле видео тартып журот.
+8
Nursultan.nurik
2018-01-31 14:43:37
Beks.Kasymov, эгер коргон адам 1 миллиондон ашса ар бир видеонун миллиону учун 1000$ га чейин алышат демек озунчоле бизнес " бирок кыйынчылыгы бар
+1
nurik4554
2018-01-31 13:53:23
Күмүш баскычты Чубак ажыкебиз "НАСААТ МЕДИЯ" каналына дагы алган.
+8
Azat.97
2018-01-31 14:06:00
Эрмек байке мыкты патриот жигитсиз да.Сиздей байкелерибизден улгу алабыз. Алга Кыргызстан!
+2
Ermekbai
2018-01-31 14:57:07
Azat.97,рахмат
+3
Aiba90
2018-01-31 18:34:54
Азаттык менен насаат медияга 150000мин болгондо берген элего? Куттуктайбыз Эрмек байке азаматсыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан