Кыштын суугунда ысык өлкөлөрдө эс алган атактуулар

Кыштын кыраан чилдесинде ысык өлкөлөрдө эс алууга эмне жетсин? Кыргыз шоу-бизнесинин жылдыздары, шоу чөйрөсүндө өз орду бар инсандардын көбү учурда Таиланд, Дубай, айрымдары Европаны түрө кыдырып саякатташууда. Алар ким экени кызыктырса, төмөнкү сүрөттөргө назар салыңыз.

Быйылкы жылдын эсебинен бир эмес, дароо эле бир нече өлкөгө болгон саякатын шоумен, "тамашоучу" Кубатбек Кубанычбеков жубайы Айжан менен баштады өңдөнөт. Алар алгач Европанын Италия, Испания, Франция жана башка өлкөлөрүн кыдырып, азыркы учурда Индонезиядагы Бали аралында саякаттап жүрүшкөн чагы.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова уулу менен чогуу Вьетнамда эс алууда.

Ырчы Өктөм Сапар уулу да достору менен бирге ысык өлкөдө эс алууну чечип, учурда Таиландда саякаттап жүргөнүн маалымдады.

Ушул эле өлкөдө актёр жана "тамашоучу" Эрмек Таалайбеков да жубайы Бекзада менен бирге эс алууда.

Ошондой эле ырчы Омар да жакында эле жубайы Диана менен биргеликте жогоруда аталган өлкөдө бал айын өткөрүп келгени маалым.

Таиландда эс алган атактуулардын катарын ырчы Гүлнур Асанова да толуктайт.

Ал эми "тамашоучу" жана актёрлор Самат Эркинбеков, Эмил Эсеналиев жана Азамат Исмаилов жумуш менен эс алууну айкалаштыруу максатында Малайзияга барып, жаңы кино да тартып келишкенин билдиришти.

Ырчы Роза Шакирова үй-бүлөсү жана достору менен чогуу Египетте эс алып келди.

Ал эми ырчы Анжелика Бекболиева Жаңы жылды Бали аралында тосуп, андан соң апасы, кыздары жана жумуштагы кесиптештери менен биргеликте Дубайда эс алууну улантышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Nuraruu5
2018-02-02 13:45:25
Буларды өзүбүз тойроңдотуп алдык,Той беребиз деп топурап ооз ачып кынылдаганы үчүн акчабыздын баарын берип коюп кычыраган кышта тоңуп отурабыз, анан ушулар жыргайт да
+54
guku_80r
2018-02-02 16:57:37
Неге эле бизде акча жок десе баарын ушулар алып алган турбайбы.
+24
Kanzada97
2018-02-02 19:10:33
Эмнеге ушулардай Бизда акча таппайбыз, канча аракет кылсанда эч теке жок. Мейли эми бизгеда буюрсун.
+12
asad345
2018-02-02 19:25:17
медалдын бир эле жагын кордунор
+5
wirintai27
2018-02-02 23:57:44
Наалыганынарды койгулачы туугандар.
+4
Azatbek83
2018-02-03 00:10:33
Кыргызда жвргал жашоо Депжутаттар менен Артистердин жашоосуу экенда!Акырына Самараны да кошуп крйбопсунар спектакль койуп журот сатып алган уйуно эмгек синирген деген наамды алып деп!!!!
+8
Medinaa
2018-02-03 00:12:44
Сейшельге баргым келет!
+3
Medina87
2018-02-03 09:59:08
"Мышык майга жетпей сасык"-дейт дегендей озубуздун Кыргыз жеринин керемети Ысык-Колго бардын беле?
-3
tram-lam
2018-02-03 16:15:28
Medina87,эки мединанын кимиси женээр экен)))
+1
madina.87
2018-02-04 00:02:19
Medina87,Медина мага купуя жазчы
0
orxidey
2018-02-03 00:52:32
Кыргызстанда артистер менен чиновниктер гана жакшы жашайт же эшик иштеп ат жейт.
+5
orxidey
2018-02-03 00:53:12
зшек дегеним
+4
Kuba-savai87
2018-02-03 00:57:52
Баары эле коро албагандар го ичинер ачышса туз жалагыла
-5
arzygulR
2018-02-03 04:05:49
Жашоо ушулардыкыго
+4
madina.87
2018-02-03 07:21:53
Анжелика болбосо экен дедим эле,дагы журот кыпчылып,акчан болсо калтада,эс аласын Ялтада дегени ушу да.
+8
gulzat85
2018-02-03 09:36:20
Кудай ден соолук берсе кыдырабыз дуйнону эч кейибегилечи
+4
bond02
2018-02-03 09:42:45
атактуулар десе кулкум келет да ушуларды.
+7
suban78
2018-02-03 10:31:21
Иштесен тиштейсин, булар убагында изденип аракет кылып иштешкен да, уйдо эле жата бербей. Азаматсынар.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан