Мирбек Иманбеков: "Мени гитара менен башка чапкан адамга нааразычылыгым жок, мындай нерсе эркектер арасында болуп турат"

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу - мындан бир канча жыл мурун Кыргыз эстрадасына жарк этип кирип келип, канчалаган күйөрмандарды топтогон ырчы Мирбек Иманбеков. Алгач "Таластык кыз" деген ыры менен сахнага кадам шилтеп, тез убакыттын ичинде жылдызы жанган ырчы 1985-жылы 25-ноябрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда туулган. Анын "Сүйүүнүн керемети", "Түн чүрөгү", "Секетим", "Жаз" деген ырлары азыркыга чейин угармандарын жоготпой келет.

Мирбек Иманбековго арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Ырчы бир нече мүнөттөрдөн соң баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:00 Ырчы Мирбек Иманбеков SUPER.KG`нин Түз эфирине кечигүүдө.

15:15 Мирбек Иманбековдун Түз эфирдеги маеги башталды. Ырчы кечигип келүүсүнүн себебин айтып, алып баруучу даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.

15:20 Суроо: Ырчылык менен жан бакса болобу же дыйканчылык менен алектенүү ыңгайлуубу?

"Каалоо болсо экөөнү тең бирдей алып кетиш керек. Ырчы болуу үчүн сөзсүз түрдө нота таанып, музыкалык билим алуу шарт. Музыкалык сабатыңыз болсо, ырчы болууга жакшы шарт түзүлөт. Мен өзүм кичинемден эле ырдап, аспаптарда кол ойнотуп, белгилүү ырчы болууну кыялданчумун. Туугандарым, агаларым да музыкага жакын", - дейт ырчы.

15:22 Окурмандын "Учурунда Султан Садыралиев экөөңөр абдан популярдуу элеңер. Силерге бут тосуулар болдубу?" деген суроосуна "Туура, бир кезде атактуулуктун даамын жакшы эле сездик. Бирок эч кандай бут тосуу болгон жок. Өзүбүз бир аз чарчап калдык окшойт. Андан сырткары үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болдум. Ырчылык оңой эмес, кыйынчылык көп болот. Аны жеңе билүү керек. Учурунда өз жумушубузду жакшы эле кылдык. Кайра мурункудай жанданып чыккым келбейт, жете турган ийгиликке убагында жеткенбиз. Азырынча жакшы эргүү келбей жатат", - деген жооп узатты.

15:26 "Үй-бүлөдө кичүүсү болгондуктан ата-энеме каралашуу үчүн Таласта жашап жатабыз. Балдарыма айылда жашаган жагат. Абасы таза, ээн-эркин. Бул жакта көп кабаттуу үйлөрдө жашагандыктан, балдарым эшикке көп чыкпай буулугуп кетишчү", - дейт ырчы.

15:30 Ырчы балдары тууралуу: "Кызым 3-класста окуйт, уулум эми 6 жашка чыгат. Экөө тең мага жакын. Бирок кызым чоңойгон сайын апасына жакын болуп бара жатат. Ал эми уулум менин жанымдан чыкпайт", - деди.

15:32 Суроо: Сага айылда дыйкан болгондон көрө ырчы болгон жарашат. Чыгармачылыгыңды улантпайсыңбы?

"Мен айылда жашаганым менен, кетмен чапкан дыйкан болуп кеткен жокмун. Азыр техника өнүккөн, мен жөн гана көзөмөлдөп турам. Андан сырткары башка дагы киреше алып келүүчү булактарым бар. Ал тууралуу кенен айтпай эле коёюн", - дейт ырчы.

15:35 Окурмандын "Атактуу болгонуңа өкүнбөйсүңбү?" деген суроосуна "Жок, эч качан. Анткени мен бул нерсе үчүн канча эмгек коротком, кичинемден бери кыялдангам. Азыр атактуулугум көп жардам берет", - деп жооп берди.

15:37 Суроо: "Үй-бүлөлүү экениңизди көпкө чейин жашырып жүрдүңүз. Кыргыз жери кичинекей эле, кантип жашырууга мүмкүн болду. Жубайыңыз менен макулдаштыңызбы?"

"Мен колдон келсе үй-бүлөмдү такыр эле элге көрсөтпөй коёюн дегем. Себеби алардын тынч жашоосун каалайм. Жубайым да бул нерсени каалаган. Бирок үй-бүлөлүү экенимди жашырган эмесмин. Болгону маектер учурунда эч ким менден "үйлөндүң беле?" деп сураган эмес. Эгер сурашса, жашырбай эле "ооба" деп жооп бермекмин", - деди ырчы.

15:42 Ырчы алып баруучу даярдаган оюнга активдүү катышып берди.

15:50 Суроо: "Досторуңуз менен майрамдап отурганда сизди бирөө гитара менен башка чапкан эле. Башыңыз жабыркаган жокпу?"

"Ооба, мындай нерсе эркектер арасында боло берет. Мени башка чапкан жана видеого тарткан адамдар үйгө келип кечирим сурашкан. Алар сотко берет деп ойлошту окшойт. Бирок мен андай нерселерге көп деле маани бербейм. Анын үстүнө ал кызуулукка алдырып койду окшойт. Кантсе да эл адамы болгон соң бир аз ыңгайсыз абалда калдым. Мындан улам элден кечирим сурайм жана эми бул сыяктуу көрүнүштөрдү кайталабаганга аракет кылам. Видеону тарткан бала 7-8-класстын окуучусу. Ал эми башымды сурап койгонуңузга рахмат, бактыга жараша, жабыр тарткан жокмун", - деди ал.

15:56 Ырчы окурмандын суранычы боюнча "Жаным" деген ырын жандуу үн менен аткарып берди.

16:00 Окурмандын "Ата-энеңиз канча жашта? Бир туугандарыңыз тууралуу да айтып бериңизчи?" деген суроосуна "Ата-энем 68 жашта. 11 бир тууганмын, эң кичүүсү мен. Баарыбыз үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болуп калганбыз", - деп жооп берди.

16:02 "19 жашымдан тарта атактуулуктун даамын тата баштагам. Ал убакта жаш элек да, "жылдыз оорусу" менен ооруган учурларым кездешкен. Анын баарын азыр эстеп, таразалап калам", - дейт ырчы.

16:05 Суроо: "Жубайыңыз малина, кулпунай сатып жүрдү эле. Өздөштүрүп кеттиби?"

"Туура, жубайым жыл сайын малина менен кулпунай айдап, аларды сатып, жакшы киреше табат. Азыр жакшы өздөштүрүп алган. Кээде айылдаштар келип, кеп-кеңеш сурап турушат", - деди ырчы.

16:10 Ырчы жандуу үн менен "Жаз" деген чыгармасын аткарып, Түз эфирдеги маегин соңуна чыгарды.

М.Иманбеков: "Айылга кетсем эле, дыйкан болуп кетти деп ойлоп алышыптыр..."
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
eliza0505
2018-01-31 15:17:01
Салам мирбек чыгармачылык ийгилик Аллах Таалам эки дуйно уй булоолук бакыт берсин.Эмне чыгармачылыктан алыстап кеттин айылдагы жашоо менен эле алек брлуп кеттинби
+3
anar07
2018-01-31 15:22:47
Москвадан салам,,,, ийгилик сизге
+1
Dina.janym
2018-01-31 15:37:28
Саламатсызбы Мирбек ага? Биз Таластык жигиттин таңшып ырдаганын сагындык, качан бизди кубандырасыз? Биз сизден жагымдуу ырларды күтөбүз!?
+5
Nurdinur
2018-01-31 15:51:53
Мирбек байке айылда иш жок достор менен чогулуп майрам коп кылып жатасызго ээ. Интернеткече мушташкан видеонуз чыгып кетти эле
-7
jasgul
2018-01-31 15:52:24
Азамат, ишин ийгилиликтуу, уй булон бактылуу болсун. Ата энени урматтасан, балдарынан кайтат . Аялын сыйга татыктуу жан экен, шаардык, кыштактык дебей шартты тушунгон. Бактылуу болгула.
+6
tynara81
2018-01-31 16:05:09
Тойлорго чакыруулар болуп турабы? Тойлордо ырдайсыңбы?
+1
Bekzamann
2018-01-31 16:28:31
Мирбек красавчик ишине ийгилик ден-соолук, уй булолук бакыт каалайм! Баса тигиндей гитара менен чапкан акмак,опкосу жок, адам кебетесиндеги айбандар менен отурбагын жана достошпогун!
+3
Kojo1995
2018-01-31 16:50:41
Молодчик
+1
aibi8984
2018-01-31 21:20:14
suiom ele ushu Mirbekti
0
kanu
2018-01-31 21:44:44
Молодец
0
jbolotov
2018-01-31 23:45:18
Бироо суроо бериптир: Жубайыныз малина кулпунай сатып журду эле, - деп. Сатса саткандырда, шаарда бироонун козун карап айлыка иштегенден коро жакшы экен, бизнесин баштаган экенда аялы.
+3
Elitta
2018-02-01 04:08:21
jbolotov,оада Кыргыздар ушунчалык ушакчы калк келет, ошентипда суроо береби десен, дабдыр адам экеен ким берседа Мирбекти короалбаган 1келесоода
+3
Elitta
2018-02-01 04:16:07
АЗАМАТсыз Мирбек байке 1чи ден АтаЭненизди сыйлап айылда жашаганынзга аябай ыраазмын, мен ырчымын шаарда жашайм деп кээбирки калэчки ырчыларга окшобой,АтаЭненизди багып акбатасын алып ошолордун мандайындасыз,ошолордун батасын алып айылда жашаганга эмне жетсин сизди аябай сыйлап калдым ушундай сапатыныздан кайтпаныз!Ыр танца оюн кулку ал шайтандын иши,сизди Кудай туура жолго салыптыр,ырчылыкты 1.толо таштаныз Атаэнениз балачаканыз менен бактылуу болун!
+1
MKW.MYRZAiYM
2018-02-01 12:34:31
Уй-булонузго бакыт, ден-соолук каалайм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан