Дүйнөдөгү эң узун мырза менен бою эң кыска аял жолукту. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, бою 2 метр 51 сантиметрге жеткен Султан Кесен менен бою 62 сантиметр болгон Йоти Амге Египетте жолукту.
Султан менен Йоти "Гиннесстин рекорддор китебине" 2011-жылы кирген. Эң узун бойлуу эркек катары аталган китепке катталган Султан анда 28 жашта болгон. Андан кийин ал манжаларынын узундугу менен да дүйнөгө рекорд койгон. Чет элдик басылмалар бул 2 адамдын боюнун айырмасын көрсөткөн сүрөттөрдү дүйнө элине жарыялай баштады. Кесендин бутунун өлчөмү 34 сантиметрге жетет, бул Йотинин боюнун жарымына барабар болору жазылат маалыматта.
Султан Кесен Түркиянын жашоочусу, ал чарбачылык менен алектенет. Бирок ал балдаксыз жүрө албагандыктан бул жумуш менен алектенүү ага бир топ түйшүктөрдү жаратат.
Индиянын Нагпур шаарынын жашоочусу Йоти Амге болсо 18 жашында "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Анда ал Индияда өткөрүлгөн "Big Boss 6" реалити-шоусуна катышкан.
Султан менен Йотинин жолугушуусун Египеттин туризмди өнүктүрүү кеңеши уюштурган. Алардын максаты - туристтердин көңүлүн буруу болгон.