Ноокат районунда "классташын мыкаачылык менен өлтүргөн" деп шектелип бир жаран кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Окуя боюнча: 5-июнь күнү саат 14:00 чамасында Кашкалдак айылынын тургундары айылдан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денесин табышып, милицияга кабарлашкан. Өлгөн адамдын колу байланган жана моюнунда аркан менен муунтулгандыгын далилдеген так болгон. Ал ошол эле айылдын 32 жаштагы тургуну экендиги белгилүү болду. Ноокат РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүшүп, кылмышка шектеп каза болгон жарандын классташын кармашты. Анын унаасын текшерүүгө алганда кандын тактары болгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aijan1968
2013-06-08 17:45:22
Заман куноолуу эмес,адамзат озу куноолуу кандай жагдай болсо да.Мыкаачылыкка жол берген адамга жаза!!Ал эми кайтыш болгон адамдын арты кайырлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан