Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 1-2-февраль күндөрү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусуна ылайык расмий иш сапары менен Дүйшөмбү шаарына барат. Иш сапардын алкагында Жээнбеков Тажикстандын президенти, өкмөт башчысы, парламент төрагасы менен жолугушат. Жолугушууда эки тараптуу маанилүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жана бир канча документтерге кол коюу пландалган. Негизинен чек араны делимитация жана демаркация маселесинде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандандыруу, соода экономикалык байланыштар боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-Тажик чек арасында 519 чакырым чек ара тилкеси такталган. Такталбаган чек ара тилкелери боюнча жумуштарды жандандырууну эки тараптуу жолугушууда өлкө башчылары талкуулашмакчы.