Бүгүн, 1-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Сот "кримавторитет" Чыӊгыз Жумагулов (каймана аты Дөө) боюнча Бишкектин Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Ага ылайык, 2 апта мурун эркиндикке чыккан Жумагулов №3-колонияга камакка алынды. Жумагуловду Бишкекте 2016-жылкы ок атышуу коштогон кырсыкка күнөөлүү деп таап Жогорку Сот 2017-жылы декабрда 7 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми 2018-жылдын 16-январында Ленин райондук соту №47-колониянын жетекчисинин сунушу менен Чыӊгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарган эле. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө мамлекеттик органдарда бирдиктүү позиция, окшош принциптер жок экенин ушундай окуялар көрсөтүп коюуда. Эгер Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу туура эмес болсо, анда мунапыс мыйзамына байлап Жумагуловдун жаза өтөө мөөнөтүн кыскарткан, анын түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте чыгуусуна жол ачкан №47-колониянын жетекчиси Аваз Каримов, "кримавторитетти" эркиндикке чыгарган сот жоопкерчилик тартышы керекпи?
Уюшкан кылмыштуулукка күрөш дегенде 2013-жылы мамлекеттик органдардын Азиз Батукаевге жасаган мамилеси эске түшөт. 2005-жылы парламент депутаты Тынычбек Акматбаев соттолгондордун абалын көрүү үчүн Чүйдөгү №31-колонияга барганда Акматбаевди 2 жан сакчысы менен кошо атып өлтүрүшкөн. Жаӊжалды ал кезде №31-колонияда отурган "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев уюштурганы элге кийин белгилүү болгон. Бул окуяда октон алган жаракатынан улам Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ал кездеги башчысы Икматулла Полотов да көз жумган. Кийин сот процессинде Акматбаев №31-колонияга барар алдында түрмөнүн кызматкерлери андан ал жерге келбөөнү суранганы айтылган. Башкача айтканда, Жогорку Кеңештин депутатынын өмүрүнө коркунуч бар экени алдынан эле белгилүү болгон. Бирок түрмө жетекчилиги коопсуздугун камсыз кыла алган эмес. Батукаевдин "даремети" ошончолук күчтүү болчу. Мамлекеттик кызматкерлердин түрмөдөгү кылмышкерлердин колунан каза табуусу өлкөдө чоӊ чуу жараткан. 2006-жылы бул окуяга күнөөлөнүп Батукаев 16 жылга эркинен ажыратылган. Ушундай адамды мамлекеттик органдар 7 жылдан кийин абактан бошотуп, өзгөчө сый менен чет жерге узатып жиберишти.
2013-жылы Батукаев "оор дартка чалдыкты" деген диагноздун негизинде мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошотулуп, ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кетти. Ошол кезде "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин "Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетиши - Кыргыз бийлиги криминалга багынып бергени" дегени бар. Чын эле Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетиши менен өлкөдө криминалдык дүйнөнүн жаӊы эрасы башталды. Батукаев оор илдетке чалдыкканын, жакында өлөрүн айтып корутунду берген дарыгерлер, аны бошоткон соттор, ага ыкчам түрдө паспорт даярдап берген кызматкерлер, аны аэропортко чейин коштоп барып узаткан ЖАМК кызматкерлери азыр деле бар. Ал кезде Зарылбек Рысалиев ЖАМКнын төрагасы эле, учурда Жогорку Кеӊеште депутат. Мына ушундай окуялар жыйналып отуруп өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун жанданышына, бизнес өкүлдөрүн, өлкө жарандарын коркутуу, опузалоо, тоноолордун өсүшүнө алып келди...
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев кебинин башын “мында бир чоң маселе болуп жатат да” деп баштап, сөз төркүнүндө маршруттук таксилер менен келип, Ак Үйгө жөө басып кирген эл өкүлдөрүнөн уялып жатканын айтты. Атүгүл, алардын жанынан өз унаасында өтүп бара жатканда баш кийимин ылдыйлатып, көрүнбөй кирүүгө аракет кыларын кошумчалады. “Биз баш тартып койгон унааларды башкалар эле айдап жүрүшөт, ошол акча баары бир короп жатат”, - деди Жолдошбаев. Сөзүнүн соңунда депутат спикерге ушул “чоң маселе” боюнча прессаны залдан чыгарып, журналисттер жок өзүнчө сүйлөшүп алуу керектигин эки жолу кайталап айтты.
Интернет колдонуучулары бул окуядан улам “а мен ушундай депутаттардан уялам” дегенге чейин барышты. Алар Жолдошбаевди кескин сындап жатышканы менен, ал чындап эле чоң маселелердин көшөгөсүн ачып койду.
Биринчиден, Жогорку Кеңештин депутаттары баш тарткан кызматтык унааларды кайра эле мамлекеттик башка мекемелер пайдаланып жатышы. Эл өкүлдөрү шайлоочуларынын алдында “мына биз машинадан баш тарттык” деп упай топтошту, бирок андан мамлекеттин казынасына эч кандай жеңилдик болбой, буга чейин канча акча каражаты сарпталса, азыр да ошол акча каражатынын коротулуп жатканында. Кызматтык унаалар башкалар тарабынан колдонулуп жатса, демек, алардын айдоочуларынын айлыгы, машинанын күйүүчү майы жана оңдоп-түзөөсүнө кеткен чыгымы айланып келип эле салык төлөөчүлөрдүн моюнуна илинген жүк болуп чыгат. Андан тышкары парламенттин депутаттары кызматтык унаадан баш тарткан соң, аларга бюджет тарабынан жол чыгымына өзүнчө төлөм карала баштаган. Тагыраагы депутат ай сайын жол чыгымы, мобилдик байланыш, кагаз-ручкага жана башкага деп баш-аягы 40 миң сом алат. “Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт” дегендей, кызматтык унаалардан баш тартабыз деген депутаттардын популисттик кадамынан бюджет үнөмдөлбөй эле, чыгым эселеп көбөйүп жатканы айкын болду.
Жолдошбаевге окшоп уялбай-этпей эле коомдук транспорт менен жумушуна келген депутаттардын ким экендиги да көпкө күттүрбөдү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчисинин айтымында, алар – Аида Касымалиева, Альфия Самигулина, Евгения Строкова, Карамат Орозова, Наталья Никитенко. Анын ичинен Касымалиева маршруттук такси менен Ак Үйгө келгени ишине терс таасирин тийгизбей турганын айтты. Ошол эле мезгилде Лондон, Нью-Йорк шаарларынын мэрлери кызматында иштеп турган кезинде бири жумушуна велосипед тээп, экинчиси эл катары метродо жетери кызуу талкуу болгон.
Европа өлкөлөрүнүн депутаттары жана чиновниктери үчүн коомдук транспортто жүрүү эбак көндүмгө айланган. Алсак, Германиянын парламенттик депутаты Карл-Хайнц Бруннер үйү жумушунан алыс болсо да, велосипед менен эле келет. Улуу Британия, АКШ, Германия – аталгандар экономикасы өнүккөн өлкөлөр болуп саналат. 2016-жылдагы киши башына туура келген ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү Улуу Британияныкы дээрлик 40 миң доллар, АКШ 57 миң доллар, Германияныкы 42 миңге чукул доллар. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн ушул эле көрсөткүчү 1 миң доллардан тегерегин түзгөн. Айырма асман менен жер болгонуна карабай, бай өлкөнүн мамлекеттик кызматкери сарамжал болсо, жакырчылыктан жакында эле суурулуп чыккан өлкөнүн мамлекеттик кызматкери салык төлөөчүнүн акчасын сапырып, ысырап кылып отурат.
Соңку 2017-жылды эле ала турган болсок, Жогорку Кеңештин чыгымына бюджеттен 762 миллион 600 миң сом бөлүнгөн. Ошол эле учурда январь айынын жыйынтыгы боюнча “Элдик кабар” рубрикасынын жеңүүчүсү болгон окурман кабарлагандай, алыскы Өзгөн районундагы Көлдүк айылында жайгашкан 90 жыл (!) мурун курулган мектеп эскилигинен урайын деп, анын ичинде азыр да билим алып жаткан 500дөн ашуун окуучуну басып калуу коркунучунда турат. 2016-жылы бул мектепти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери текшеришип, 3-категориядагы кооптуу абалда деп тыянак чыгарышып, пайдаланууга тыюу салышкан. Бюджеттин тартыштыгынан улам мындай эскилиги жетип, анын ордуна жаңы мектеп курулбай турган Көлдүк сыяктуу аймактар өлкөдө жалгыз эмес.
Билим берүү тармагы менен катар саламаттыкты сактоо тармагы да казынага карата көз карандылыгы жогору болгон тармак. Бишкек шаарынын тургундарын тейлеген “Тез жардам” кызматы “Кеч жардам” атыкканына көп болду. Ага кызматтын башчылары машинанын тартыштыгын, аз айлыкка макул болуп келген медициналык кызматкерлердин жоктугун себеп кылышат. Мисалы, жаш врачтын базалык маянасы 5 миң сом. 2017-жылдын аягында “Тез жардам” кызматы 10дон ашуун унаага, 100дөн ашуун кызматкерге муктаж экенин билдирген.
Бул аралыкта Улуу Британияда лорддор палатасынын мүчөсү, министрдин орун басары Майкл Бейтс парламенттин жыйынына жарым саатка кечигип калганы үчүн кызматтан кетерин айтты. Кечирим сурап жаткан лорд тартылган видеодон анын “суроо берилип жаткан учурда ордумда болбой калганыма катуу уялып турам, ошон үчүн азыр премьер-министрдин көзүнчө кызматымдан баш тартам” дегенин угууга болот.
Биздин өлкөнүн Камчыбек Жолдошбаев өңдүү депутаттары жогорудагыдай ондоп-жүздөп саналган олуттуу көйгөйлөрдүн чечиле электигине уялышпайт. Кесиптештеринин жумушка "Кадиллакта" эмес, коомдук транспортто келгенине уялышат...