Ырчы Данияр Эрматов февралдын алгачкы күнүндө 29 жашка толуп, туулган күнүн белгилеп жатат. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктоо үчүн байланышка чыкканда, ырчы туулган күнүнө анчейин маани бербесин жана бул күндү белгилебей турганын айтты.
"Жыл сайын туулган күнүмдө жакын досторум түнкү саат 12де үйгө келип куттукташчу. Быйыл аларды убара кылбайын деген ойдо, "мен үйдө болбойм, келбей эле койгула" деп эскертип, анан телефонумду өчүрүп, байкемдикине кетип калгам. Ага да карабай чогулушуп, мени менен байланыша алышпагандыктан видео аркылуу куттуктоолорун жиберишиптир. Аны көрүп алып, телефонумду өчүрүп койгонума абдан ызаланып кеттим. Дароо эле баарынан тең кечирим сурап, азыркыга чейин өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам. Мен негизи туулган күнгө көп маани бербейм. Такыр белгилебейм дагы, анткени досторум көп. Жарымын чакырып, жарымын чакырбай койгон болбойт. Эгер баарын тең чакыра турган болсом, анда туулган күндүк кече эмес эле, той болуп кетет. Бирок быйыл таарынтып алган досторумдан кечирим суроо иретинде, ошолорду гана кечки тамакка чакырып коёюн деп ойлонуп жатам. Азырынча каяктан жолугарыбыз белгисиз", - дейт ырчы.
“Токто, жаным” деген ыры менен таанылган ырчы Данияр Эрматов 1989-жылы 1-февралда Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Оштогу Кыргыз-Кытай гуманитардык институтунун бажы бөлүмүнө тапшырган. Репертуарындагы ырлары "Жалгызым", "Жүрөгүм", "Неге?" жана башкалар. Ырчылыктан сырткары тасмаларга продюсерлик кылып, актёрлук менен да алектенет. "Салам, Бишкек!" аттуу тасманын продюсери болсо, аталган тасманын экинчи бөлүгүндө роль жаратканга үлгүргөн.
1-февралдын жылнаамасы.