Орусиянын президенти Владимир Путин спортчулардан кечирим сурады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Путин Пйоңчаңда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, орус спортчуларын допинг ызы-чуусуна байланыштуу окуяда өлкө алардын кызыкчылыгын жана укугун коргой албай калгандыгы үчүн кечирим сурады.
"Силердин укугуңарды коргой албай калгандыгыбыз үчүн кечирим сурайм. Орусия дайыма таза спорт үчүн. Биздин спортчулар Олимпиада оюндарына катышып келген жана катышмакчы", - деген президент.
Ошондой эле Олимпиадалык оюндарга кетип жаткан спортчуларга ийгилик каалап, төмөндөгүлөргө токтолгон:
"Эч нерсени ойлобостон бир гана оюнду ойлоп, жеңишке умтулгула. Силерге адаттагыдай эле миллиондогон күйөрмандарыңар көз салып, силер үчүн жан тартып жатканын унутпагыла".
Эскерте кетсек, Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтчү кышкы Олимпиада оюндарына катышууга тыюу салган. Буга Орусиянын бийлиги колдоого алган допинг программасы себеп болгону айтылган. Анткен менен комитет допинг чыкпаган "таза" спортчуларга Олимпиадада Орусиянын эмес, нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берген.
Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында 9-февралдан тартып 25-февралга чейин уланмакчы.