Ай Жерге болушунча жакындап, өзгөчө жарык, чоң жана кызыл түстө көрүндү

Кечээ, 31-январда Жер планетасынын жашоочулары үчүн өзгөчө күн болду. Тактап айтканда, айрым жашоочулар бир канча саат бою Айдын өзгөчө жарык, кызыл жана көк аралаш түстө болуп толгонуна жана тутулушуна күбө болушту.

Маалым болгондой, Ай Жер планетасына болушунча жакын, болжол менен 359 миң чакырымга жакын жайгашып, кызыл түскө айланган. Америкалык Аэронавтика жана космостук мейкиндикти изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) Ай кызыл болуп толгон учурду түз эфир аркылуу көрсөтүүгө жетишкен.

Белгилей кетсек, бул кубулуш баарынан да Сибирде, алыскы Чыгыш өлкөлөрүндө, Японияда, Австралияда жана АКШнын батыш тарабында даана көрүнгөн. Ал эми башка өлкөлөрдө Айдын толушунун айрым гана учурларын байкоого болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Айдын кызыл өңдө чыгышы акыркы жолу 1982-жылы катталса, Айдын көгүш түстө толушу ушул жылдын 2-январында кездешкен.


Ай Жерге башкача жарык, чоң, кызыл жана көк аралаш түстө көрүндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
anandi
2018-02-01 15:32:19
Кыргызстанда кандай көрүндү Нарында көрө алган жокмун туман болуп
+1
Beka9393
2018-02-02 02:14:13
Жалал-Абаддан кордум мен кызыл болуп толуптур жерге аябай жакын болду.
0
Rasul94
2018-02-02 10:28:39
жалал Абадда айдын корунушу так ушул фотодогудай кызыл
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан