Франциялык "ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу Неймар испаниялык "Барселона" футболдук клубун сотко берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, бразилиялык футболчу испан клубу менен 2016-жылы түзгөн келишим боюнча убадаланган бонус каражатынын жарымын төлөтүп алууга аракет кылууда. Аталган каражат футболчунун эсебине эки баскыч менен которулушу керек болчу. Бирок футболчунун башка клубга өтүп кеткенине байланыштуу убадаланган каражаттын жарымы футболчунун эсебине которулган эмес.
Чабуулчунун айтымында, ал 30 миллион еврого жакын чыгым тарткан. Ал эми каталондуктар өз кезегинде акчанын которулушуна каршы чыгышууда, анткени Неймар келишимди токтотуп "ПСЖ" клубуна өтүп кеткен. "Барселона" клубунун өкүлдөрүнүн билдиргенине ылайык, Неймардын айынан алар 75 миллион евро чыгым тарткандыгы үчүн тосмо доо арыз жазышкан.
Айта кетсек, Неймар "ПСЖ" клубуна 2017-жылдын жай айында 222 миллион еврого өткөн. Каталондуктардын курамында ал төрт жыл ойноп, Испания чемпионатын 2 жолу жана Чемпиондор Лигасын 1 жолу жеңген. Ошондой эле, Неймар жакын арада "Реал Мадрид" футболдук клубуна өтүүнү кыялданып жүргөнү да айтылып келет.