2017-жылы өлкө аймагында 1 миң 412 жакын спорттук иш-чаралар өткөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 2017-жылы спорт агенттиги тарабынан 1 миң 412 спорттук-массалык иш-чара өткөрүлүп, алардын 57си эл аралык багытта өткөрүлгөн. Эң көп спорттук иш-чаралар Нарын жана Ош облустарында өткөн.
Облустар боюнча бөлүнүш:
Чүй облусунда 280 иш-чара;
Ысык-Көл облусунда 99 иш-чара;
Нарын облусунда 326 иш-чара;
Талас облусунда 154 иш-чара;
Жалал-Абад облусунда 102 иш-чара;
Ош облусунда 326 иш-чара;
Баткен облусунда 125 иш-чара.
Андан тышкары, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында спорттун түрлөрү боюнча 5 Азия чемпиондугу өткөрүлгөн. Анда Азия мамлекеттеринен 814 спортчу катышкан.
Кыргыз Республикасында өткөн Азия чемпиондуктары:
Бишкек шаарында өткөн Снукер боюнча Азия чемпиондугу;
Бишкек шаарында өткөн дзюдо боюнча балдар жана кыздар арасындагы Азия чемпиондугу;
Бишкек шаарында өткөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасындагы шахмат боюнча Азия чемпиондугу;
Чолпон-Ата шаарында өткөн кол күрөш боюнча Азия чемпиондугу;
Ош шаарында өткөн ММА боюнча Азия чемпиондугу.