Мелдештен утулган актёр Том Харди кесиптеши Леонардо Ди Каприонун аты түшүрүлгөн татуировка жасатты

Мелдештен утулган британиялык актёр Том Харди кесиптеши Леонардо Ди Каприонун аты түшүрүлгөн татуировка жасатты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 2016-жылдын аягында "Оскар" сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланар алдында белгилүү актёр Ди Каприо Харди "Аман калган" тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актёр" номинациясында "Оскар" сыйлыгына ээ боло турганын айткан. Бирок Харди өзү сыйлык ала турганына күмөнү бар экенин билдирген. Ошондо актёрлор кол алышып, мелдеше кетишкен. Анда эки тараптын кимиси утулса, денесинин көрүнүктүү жерине уткан адам каалаган татуировка түшүрмөй болгон.

Жыйынтыгында, Ди Каприонун айтканындай эле Харди "Оскар" сыйлыгынын ээси болгон. Арадан көп убакыт өтсө да Том Харди мелдештин шартын бузбастан, булчуңуна Леонардо Ди Каприонун каалоосу менен "Лео баарын билет" (Leo Knows All) деген жазуу түшүрүлгөн татуировка тарттырган. Бул жазуу Хардинин жакында эле социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган сүрөтүндө көрүнүп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2018-02-01 13:53:17
Кызыгы жок мындай жанылыктардын! Сооронбай Жээнбеков душанбе шаарына качан конот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан