Бүгүн, 1-февралда окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына кайрылып, Бишкектин Тунгуч кичи районунда жылуулук да, электр жарыгы да жок экенин билдирди.
"Кечээ, 31-январь күнү саат 20:30 чамасында Тунгуч кичи районунда электр жарыгы өчкөн. Арадан үч сааттан кийин жылуулук да өчүрүлдү. Ал эми бүгүн эртең менен ысык сууда жок. Үйдөгү кичинекей балдар тоңду, элди ойлогон адам калган эмес окшойт", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.