Ирандын айрым жарандары хиджабга каршы чыгышты

Ирандын айрым жарандары хиджабга каршы чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Иран мамлекетинде аялдар хиджабды милдеттүү түрдө кийүүгө жалгыздап каршы чыккан акциялар көбөйдү. Мындай каршылык акция 1978-1979-жылдагы Ислам революциясынан берки 40 жыл аралыгында биринчи жолу болду. Акцияда аялдар көчөлөрдө жоолукту колуна же таякчага илип бийик көтөрүп, жылаң баш эл көп өтүүчү көчөлөргө туруп алышкан. Ислам өлкөлөрүндөгү мындай абал коомчулуктун назарын буруп, интернетте кызуу талкуулар башталды. 29-январда башталган акцияны Ирандын борбору болгон Тегерандын тургундарынын арасында колдогондор көп болууда. Ошондой эле алардын арасында бул каршылыкты кубаттап көчөлөрдө хиджабды бийик көтөрүп акцияны активдүү колдогондор да көп. Алардын арасынан эркектерди да кезиктирүүгө болот", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Ирандын мыйзамдарына ылайык, коомдук жайларда аялдардын ачык жүрүүсүнө тыюу салынат, мыйзам бузгандар жазаланат.

Иранда хиджабга каршы акцияга чыккандар көбөйдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
gute
2018-02-01 13:37:07
Хиджабга каршы эмесмин бирок кээ бир эжелерибиз ашыкча болуп кетишет бетинен бери капкара кылып жаап алышат.
-18
Suzak12
2018-02-01 13:40:43
Булар саткындар Американын адамдары Америка Иран мамлекетине кантип уруш чыгарыштын бирден бир жолу Ирандын элдерин бирине бирин кайраштыруу.
+26
Dalil
2018-02-01 13:47:32
Suzak12, кошулам сөзүңө. Америка мурдун тыкпаган өлкө калбады. Айрыкча мусулман өлкөлөрүн ичтен ыдыратууга өтө көп аракеттерди кылып жатат.
+25
jbolotov
2018-02-01 22:20:05
Suzak12,Барып сураштырып келгендей жазыпсынго.
0
aliko78
2018-02-01 13:45:18
Таң калыштуу эмес, себеби 98процент шииттер.
+29
zhaku2017
2018-02-01 13:49:52
Колдойм. Хиджабтан дагы аялдардын эркиндиги жогору туруш керек. Азыркы 21 кылымдын жашоосунда 7 кылымдагы арабтардын хиджабы кимге кереги бар. Хиджаб менен бейишке чыгабыз деп ашыкча карангылыктын кереги жок. Кудайга ишенимди хиджабтан эмес, журоктон издейлик.
-30
Asman...
2018-02-01 14:13:51
zhaku2017,хижап кийгиле деп арабдар айткан эмес ыйык Куранда айтылган. Эмне Куранды арабдар жазып чыккан беле. Тообо дечи чачын саксайтып кокурогун жарымын корсотуп жургон сенин оюнча аялдардын эркиндигиби?????
+24
zhaku2017
2018-02-01 15:01:04
Asman..., Куранды арабтар жазганда , башка ким жазмак эле.
-25
zhaku2017
2018-02-01 15:18:49
Asman..., Мышык майга жетпей сасык дептир. Андай айымдар сизге жакпаса конул бурбай эле коюнуз. Башкасына жагат. Ошон учун кудай айымдарды сулуу кылып жараткан. Ага сен куноолу эмессин. Сени биз куноолобойбуз.
-21
jbolotov
2018-02-01 22:24:29
zhaku Динибизде, Куранда Аллахтын окуму бар. Аял заты оронуп жамынып жургуло деген. Сен кааласан чечинип журобер. Бирок эсебин берчу кун созсуз болот.
+4
adii
2018-02-01 13:51:13
Иранды мусулман мамлекет деп эсептебеймин. ИРАНда мусулмандар бар, бирок копчулугу ШИЯлар. Бирок аялдарынын хижабчан жургону жагат. Канткен менен шиялар адашып журот.
+28
aman0296
2018-02-01 13:56:18
Журогун таза болсо, куноо кылбасан хиджапсыз да бейишке кирсе болот.
-29
zhaku2017
2018-02-01 14:03:59
aman0296, Эн туура. Ушундай тушунуктор кээ бир кудайчыларга жетпейт. Мусулман десе эле араб, пакистан, афган элдерине окшош болгулары келишип.
-25
Mazi1280
2018-02-03 03:54:46
zhaku2017,кошулам туура
-2
toolos1982
2018-02-01 14:22:07
aman0296,эң туура 2000%кошулам
-26
Mazi1280
2018-02-03 03:55:17
aman0296,кошулам , Эн туура
-1
toolos1982
2018-02-01 14:09:11
Хиджап кийбей эле журуш керек азыр 21кылым
-31
ayka91
2018-02-01 15:02:41
toolos1982, /Жоолук парз, жооп берчу кун келгенде сен 21 кылымдан келген турбайсынбы деп Аллахым кунообузду женилдетеер бекен((
+28
toolos1982
2018-02-01 19:40:54
ayka91,Сен мынча кыйналдын менин жеке ойум бул жерде жолук эмес хиджап болуп жатат сөз
-5
yrmat88
2018-02-01 14:11:50
1979 жылга чейин Иранда аялдар хиджаб кийишкен эмес. 1979 жылы бийилике ашынган исламисттер келишип, шарыят мыйзамын киргизип салышкан. Аялдардын башына арабтардын хиджабын кийгизип, укуктарын шарыят аркылуу чектеп салышкан. Коптогон маданият, искуствого тыйуу салынган. Элдер карангылыкта жашап калышкан. Туура ар бир адамдын жеке жашоосу динге коз каранды болбош керек. Ирандыктар дагы бизге окшоп арабташкысы келишпейт окшойт.
-25
abilla
2018-02-01 14:16:13
Шииттер дагы биздин тенирчилерге окшоп адашып журот. Эн туура дин ИСЛАМ дини, АЛЛАhка жана анын пайгамбарын ээрчигендер
туура жолдо.
+32
zhaku2017
2018-02-01 15:44:12
abilla,
Биричинден Тенирчилер кыргыздын каада салтын, маданиятын, тарыхын, урматтаган адамдар. Экинчиден Тенирчилер оз оюн башка адамдарга таанулабайт. Ошондуктан Тенирчилерге тийишпей эле койгула. Баарыбыздын чон энелерибиз кыргыздын ырым жырымдары менен чонойтуп келет. Силер арабтардын маданиятын колдогула, биз тенирчилер кыргыздын маданиятын арабтарга алмаштырбайбыз. Кыргыздын тилегин Коко Тенир жана Умай эне колдогон.
-16
aydinnur
2018-02-01 14:25:01
Хиджабтан мурун жүрөк таза болсо болду да,аял да киши.
-23
pat12
2018-02-01 14:48:24
Кудайды корбой туруп, кудай жонундо туш жоругандар аман эле болушсун. Бейишке чыгасынар деп динге угуттогонду токтотуш керек. Бир молдонун жомогун угуп алып, башкаларга акыл уйроткондор тынч эле жургулочу. Кудайдын атын жамынып алып, адамдардын жеке жашоосуна кийлигишпейли. Чыныгы ишеним мечитте, хиджабта же сакалда эмес. Журокто гана болот. Жан дуйнон таза, акылын ордунда болсо, ушундан откон жакшылык жок бул жашоодо.
-22
Bekzamann
2018-02-01 15:23:42
Алла Таалам ыйман берсин.!
+18
janyll
2018-02-01 15:27:25
АЛЛАХка мактоолор болсун!!! Окурмандардын ичиндеда жоолукту колдогондор коп экен. Хиджабты колдогондорго "ПЛЮС" коп басылыптыр, колдобогондорго "МИНУС" коп басылыптыр.
+18
suban78
2018-02-01 16:00:33
Оййоо бизде эмне ушунчалык эле динге катуу берилгендер кобойуп кеткенби. Хиджап кумдуу, ыссык, шамал коп болгон жерлерге ылайык кийим го. Шамал болгондо кум ичине кирбесин деп пайда болгон кийим. Озубуздун эле кийим жакшы го дейм. Короче коккуууй...
-14
nursultan93
2018-02-01 19:58:55
Мусулман бир тугандар чынынгы исламда талашпайт жөн гана эскертет. Пайгамбарыбызда талашкыла деп үйрөтпөгөн эскерткиле деген ошондуктан бири бириңерден талашпоону өтүнөм. Менден ката кетсе кечирим сурайм.
+2
Mazi1280
2018-02-03 04:01:47
nursultan93,ашынган фанаттар эле ызычуу кыла беришет бироонун жашоосуна кийлигишпей ооокатынарды кыла бербейсинерби, бейиш мн тозокту коруп келгендей суйлойсунор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан