Виртуалдык жашоо менен чыныгы турмушту чагылдырган "Маскарапоз" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү

Бүгүн, 1-февралда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде режиссёр Замир Жашасын уулунун "Маскарапоз" аталышындагы кинокомедиясы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Ага маданият өкүлдөрү, тасманын жаратуучулары жана журналисттер катышты.

Режиссёрдун айтымында, тасма толук 11 айда даярдалып бүткөн. Ага 17 миң доллар жумшалып, Чүй жана Бишкекте тартылган.

"Өзүм "Рабаятта" маскарапоз болуп иштегем, ошонун негизинде аталган тасма жаралды. Негизи балдардын комедия жанрындагы тасмасын тартуу оор экен. Тартуу учурунда унаабыз бузулуп калып, бир барган жерге 3 жолу барып келип жаттык. Топто жалпысынан 16 адам иштеди", - дейт режиссёр Замир Жашасын уулу.

Кинокомедияда Жолдошбек Жанжигит уулу, Адилет Манаев, Айзада Жамгырчиева, Камчы Сарыбаев жана башкалар роль жаратышкан. Кинодо эненин образын жараткан алып баруучу Айзада Жамгырчиева: "Тасмада эненин ролун жаратуу оор болду. Себеби менин жолдошум, балам дагы жок. Тартуу учурунда бала мени "апа" деп жатканда башкача сезимдер пайда болду. Ошентсе да бул образга кирип, баланын жардамы менен өзүмдү 3 айга эне сезүүгө мүмкүнчүлүк жаралды", - дейт.

Ал эми фильмдин продюсери 24 жаштагы Өмүрбек Төлөн уулу. Бул анын материалдык жактан колдоо көрсөткөн алгачкы тасмасы.

"Өспүрүм балдар үчүн тартылган кинокомедияга башында аз эле каражат камдап койгон болчумун. Бирок ал акча эки күндө эле түгөнүп калды. Кайра каражат издеп, тасманы тартып бүттүк. Баш-аягы 17 миӊ доллар жумшалды", - деди тасманын продюсери.

Тасмасынын өзгөчөлүгү – виртуалдык жашоо менен чыныгы жашоону байланыштырганында. Режиссёр бул фильм менен элге интернеттин өнүккөн заманында театрга баш баккан адамдардын саны суюлганын, ата-энелердин балдарына болгон көңүл коштугун көрсөткүсү келген.

"Маскарапоз" аталышындагы кинокомедия бүгүнтөн баштап өлкөбүздүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштады.

"Маскарапоз" тасмасында эненин ролун жаратуу оор болду" дейт Айзада Жамгырчиева
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aibars
2018-02-01 14:51:50
Супер темадан тышкары жазганым учун кечирим сурайм. Ушул жанылыктарга билдируу жазганда ар кандай эмоцияларды билдирген быйтыкчаларды дагы ишке киргизсениздерго.
+1
nabievich
2018-02-01 16:07:57
балдар учун кино биринчилерден болуп тарткан болсо азамат жигит экен барып балдарым менен коруп келемго
0
tuki
2018-02-01 23:52:51
Омурбек базар жок ийгиликтерди калайм бул мен Ананьеводон Тургунбек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан