Улуу Британияда министрдин орун басары парламенттин жыйынына жарым саат кечиккени үчүн кечирим сурап, жумуштан кетерин айтты

Улуу Британияда министрдин орун басары Майкл Бейтс парламенттин жогорку палатасынын жыйынына жарым саат кечиккени үчүн кечирим сурап, жумуштан кетерин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Майкл Бейтс 31-январда лорддор Палатасынын өкүлдөрүнүн өкмөттүн ишине байланыштуу суроолоруна жооп бермек. Жарым саат кечиккен министрдин орун басары жыйынга келгендерге уят болгонун айтып, премьер-министр Тереза Мэйден анын отставкасын кабыл алуусун өтүнгөн. Бирок өкмөт башчы анын отставкасын кабыл алган эмес.

"Мен баронесса Листердин алдында өзүмдүн ыңгайсыз жүрүм-турумум үчүн кечирим сурайм. Мен жыйындын башталышына кечигип, келбей калдым. Маанилүү темага арналган баронесса Листердин суроосуна да жооп бере алган жокмун. Суроолорго жооп бербей калганым үчүн уят болдум", - деген Майкл Бейтс.

Британиялык лорд жарым саат кечиккен үчүн жумуштар кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
gute
2018-02-01 18:40:05
Таза иштеген озунун кемчилигин сезе билген адамдар ушундай болот молодец.
Аа биздикилер жарым саат кечикмек турсун келбей деле коюшат
+16
RusMos76
2018-02-01 19:16:22
gute,ордуна башка бироо добуш берип коюп жатпайбы бизде
+9
Nursultan.nurik
2018-02-01 18:58:56
Суктанарлык
+4
modem4999
2018-02-01 18:59:32
Буларга жетиш кайда
+7
Nursultan.nurik
2018-02-01 19:01:00
Улгу алышса баардык адам жоопкерчиликтуу болсо эн жакшыы болмок ' биздикилер мындай дей бербей биз эмитеден жоопкерчиликтуу бололу ' себеби убагы келгенде биз ошол жакта болуп калышыбыз мумкун ' ошол кезде бизди да биздикилер дешпесин ")
+7
AKCAHAT
2018-02-01 20:04:26
Загнивающий Запад))) биздин гулдоп онуккон олкобуздун тили мн айтканда
+4
jbolotov
2018-02-01 22:00:48
Бизде отчет уккан депутаттардын озу жок, 120 депутат болсо ЖК жыйынында 15 отурат дегенди коп угабыз.
+5
Isco23
2018-02-01 23:30:39
Жанакы депутат эгер окуп калсан комменттерди жерге тирип кетеерсин)) же жетпесе эки бетини айылдыктардын бетиндей кызартып отура бер
-2
Malik92
2018-02-02 14:10:20
Isco23,Сен айылдыктарга окшотпой эле кой.Же сенин 7-атан шаарда туулуп осконбу?Ааламга жол айылдан башталаарын билбейсинби??Ал жепжутат XXXX этин жеген окшойт.Эмне деп суйлоорун билбеген.Кайсы бети менен шапкасын ылдый басып отот АК уйго кирип жатканда??Соке жоготсун,мындай XXXX
0
al-abu-kinesz
2018-02-02 23:33:05
Бизге ушундай адамдардын бийликке келиши арман болду го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан