Өткөн суткада Кыргызстанда 17 өрт кырсыгы катталганын ӨКМ билдирди. Айта кетсек, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 1, Ош шаарында 3 жана Баткен облусунда 2 тилсиз жоо орун алды. Саат 00:55 чамасында Жалал-Абад шаарындагы базарлардын биринен өрт чыгып, 4 ашкана жана башка майда соода түйүндөрү күйгөн. Кырсыкты өчүрүү үчүн ӨКМнын облустагы Куткаруу кызматынан 6 унаа чыгып, жалынды саат 03:20да өчүрүшкөн. Кырсыктын келип чыгышы жана келтирилген чыгым такталууда.