ЖЫЛНААМА, 1-ФЕВРАЛЬ: "Туулган күнүмдү бир жылы үй-бүлөм, кийинки жылы досторум менен белгилейм" дейт актёр жана "тамашоучу" Зияш Турдубеков

"Тамашоудо" "КG 77" командасынын капитаны катары таанылган "тамашоучу", актёр Зияш Турдубеков бүгүн, 1-февралда 27 жашка толду. Актёрду туулган күнү менен куттуктап телефон чалганыбызда, туулган күнүндөгү өзгөчө салт тууралуу айтып берди.

"Туулган күнүмдү жыл сайын эле белгилейм. Бирок менде бир өзгөчө салт бар. Тактап айтсам, төрөлгөн күнүмдү бир жылы досторум менен белгилесем, кийинки жылы үй-бүлөм менен тосом. Быйыл кезек үй-бүлөмдө, ошол себептен азыр апамдын маңдайында отурам", - деди ал.

Ошондой эле жаңылыктары менен бөлүшүп, жакында Казакстанда тартыла турган "Томирис" аталышындагы тасманын тартуу иштерине экшн-оператор катары катыша тургандыгын кошумчалай кетти.

Зияш Турдубеков Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чеч-Дөбө айылында 1991-жылы 1-февралда туулган. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. 3 уул жана 3 кыз. Брюс Ли тууралуу тамашаларды катыра аткарган актёр "Мачо", "Уктаткыч", "Алдамчы Жеки", "Салам, Бишкек-2", "Гонщик таксист" жана башка тасмаларда роль жараткан. Мындан сырткары оператор, режиссёр, каскадёр да болуп эмгектенип келет.

1-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aza84
2018-02-01 19:12:57
Бул братишканы 1ударыман турбай калды эле азыр эле озун каратист сезип чыга келди ак орголук братанык эстеп кой
-6
Paol
2018-02-01 19:26:54
aza84,эми ушуну обязательно жазыш керек болчу да а
+2
admin_superstan
2018-02-02 11:09:01
Erkinbek1978, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан