8-июнь күнү Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Арчалуу-Тоор жайлоосунда мергенчиликте жүрүп, зоодон кулап каза болгон А.Антоненконун денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. 3-июнь күнү саат 16:00дө Жети-Өгүз районунун Липенко айылынын тургуну 1977-жылы туулган Антоненко аңчылыкка жалгыз кетип, үйүнө кайтып келген эмес. 8-июнь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын Каракол шаарындагы Куткаруу кызматынан 9 куткаруучу чыгып, анын денесин табышты.