Бишкекте белгилүү орус опера ырчысы Дмитрий Хворостовскийдин жаркын элесине арналган кече өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-февралда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Сен жок аалам бош" аталышындагы кайрымдуулук концерти өтөт. Концертке А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын солисттери катышат. Кечеден түшкөн каражат онкологиялык оорудан жабыр тарткан балдардын дарылануусуна жумшалат.
Дмитрий Хворостовский - Орусиянын Эл артисти, опера ырчысы. Ал 1962-жылы 16-октябрда жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылык жолунда көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү аталып, өзүнүн кубулжуган үнү менен дүйнө жүзүнө таанымал болгон. Эки жылдан ашуун убакытка созулган онкологиялык оорунун айынан өткөн жылы 22-ноябрда көз жумган.