9-июнда Сокулук районундагы “Сокулук” суу сактагычына 3 адам чөгүп кетти. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, издөө учурунда 25 жашар А.Токтосунованын жансыз денеси табылды. Ал эми 11 жашар А. Кубан кызын жана М.Мелис кызын издөө иштери улантылууда. Учурда окуянын келип чыгуу себептери такталууда.