Интернетте АКШнын президенти Дональд Трамптын өзүнө 6 мүнөткө жакын кол чапканы кызуу талкууга түштү. Өлкө башчысы АКШнын Конгрессинде сүйлөгөн сөзүнөн кийин зал менен биргеликте өзүнө узакка кол чапкан.
Белгилүү болгондой, ал өзүнө 6 мүнөткө жакын убакыт кол чаап, ошондой эле улам сайын колун иштеп турган микрофонго жакын алып келип турган. Мындан улам анын кол чабуусунун үндөрү бүтүндөй жыйындар залына жаңырган.
Бул учурда АКШнын Демократтар партиясынын мүчөлөрү отурган жерден гана кол чабуулар угулган эмес, анткени партиянын мүчөлөрү президент сөзүн аягына чыккан соң дароо залдан чыгып кете баштаган.
Трамп өз сөзүндө 2016-жылдан бери жасаган иштеринин жыйынтыктары жөнүндө айтып берген.
Учурда интернет колдонуучулары бул видеого карата "өзүмчүл адам экени билинип турат, ал өзүн гана ойлойт", "президент болгондон бери алгылыктуу эч бир иш жасабаптыр, анан эмнеге өзүнө мынча кол чабат?" деген өңдүү билдирүүлөрдү калтырышкан.