ЖЫЛНААМА, 2-ФЕВРАЛЬ: Бакыт Осмонканов: "Реал Мадриддин" күйөрманы экенимди билген Жеңиш Майрамбек уулу "Барселонанын" футболкасын белекке берди"

"Тамашоучу" жана актёр Бакыт Осмонканов бүгүн, 2-февралда 31 жашка чыкты. Акыркы жылдары кино тармагына көбүрөөк көңүл бөлүп, өзүн режиссёр катары да сынап жүргөн Бакыт Осмонкановду куттуктоо үчүн байланышканыбызда, ал туулган күнүн кантип өткөрүп жатканын айтып берди.

"Туулган күнүмдү жумуштан өткөрүүдөмүн. Таң аткандан бери жакындарымдан, досторумдан жана социалдык тармактардагы тааныштардан келген түрдүү куттуктоолорду кабыл алып жатам. Ал эми жакын досум жана кесиптешим Жеңиш Майрамбек уулу мени тамашалап "Барселонанын" футболкасын белекке берди, анткени ал менин "Реал Мадрид" футболдук клубунун күйөрманы экенимди жакшы билет", - дейт актёр.

Бакыт Осмонканов 1987-жылы 2-февралда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал көпчүлүккө белгилүү "План Б", "Айыл Кэмп", "Ата" тасмаларына режиссёр болуп, "Бир тууганчик", "План Б" тасмаларында роль жараткан. "Тамашоуго" чейин Евгений Акопяндын "Кыргызстан КВНи" Лигасында "Весёлый строитель" командасында ойногон. Кийин "Тамашоудон" "IUK" командасына кошулуп, андан чыккандан соң "Моника Беллуччи" командасын түзгөн.

2-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kojo1995
2018-02-02 17:47:32
Койчу эй тажаттыңар экөөңөр жаман ХХХХ эле
-3
Akniet_kg96
2018-02-02 18:08:56
жениш жакшы аткарат а Бакыт озунчеле нерв боло бергени жакпайт а так жакшы эле
+7
Aman_Mansurov
2018-02-02 18:32:21
Хала Мадрид
+1
Beknur10
2018-02-02 19:30:53
Реал мадрид командан быйыл эч нерсе ута албайт, барса аллга
-3
Rasul94
2018-02-02 20:44:27
бакыт ал форманы кара жумушка кийип кой
+1
Boha1
2018-02-05 15:38:01
Rasul94,Досун берген белекти сен ошентмек белең?
0
madrid7000
2018-02-03 16:00:03
Ал футболканы шортике алмашып сал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан