ЭЛДИК ВИДЕО: Шымкентте жасалган кезектеги чоң торт интернетте кызуу талкуу жаратууда

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Шымкентте дагы бир тойдо өзгөчө торт жасалды" деген аталыштагы видео жүктөлдү. (Ник: Aki-meki).

Анда Казакстандын Шымкент шаарындагы тойлордун биринде 10 кабаттан турган, узундугу 2,5 метр, салмагы 150 килограммды түзгөн тортту бир нече тейлөөчү сүйрөп келе жатканын көрүүгө болот. Учурда видео интернетке кеңири жайылып, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратууда. Алардын айрымдары "мындай нерсе акыркы учурда популярдуу болуп бара жатат, эл бири-бири менен атаандашууну баштаганча токтотуу керек" деген пикирлерин жазышса, кээ бирөөлөр торттун кооздугуна суктанышкан.

Эске салсак, ушул жылдын башында Шымкент шаарында эки жаштын үлпөт тою үчүн жасалган салмагы 1 тонна 500 килограммды түзгөн торт чоң талкуу жараткан.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AKCAHAT
2018-02-02 17:30:12
Шымкенттин торттору зын зын зын болду го
+15
aliakg90
2018-02-02 17:53:01
Бул мурдагысына караганда кичине эле экен. Аш болсун эми...
+5
Akniet_kg96
2018-02-02 18:12:01
проста ысырапта
+4
Batma08
2018-02-02 18:28:02
Торт жегим келип турганда силерда кайра кайра жазасынарда
+4
33SUUN
2018-02-02 20:53:57
Акча жетиштуу болсо,жасаган колдон келсе анын эмнеси жаман..?Дуйнодогу жасала элек нерселерди жасоо бул жакшы нерсе.(албетте элге пайдалуусу гана)
0
nargiz94
2018-02-03 00:31:03
Мурда 4-5 этаж тортту коруп оозубуз аяылып тан калчык эле, эми алар жон эле 450 сомдук торттой эле корунуп калды го булардын жанында.
0
barsbegKG
2018-02-03 02:26:50
Чымкент
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан