Көрүүчүлөрдү тартуу үчүн "Илегилек" драмасынын билет баасы 750 сомго чейин коюлган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймактагы маданий борборунун жетекчиси Асан Мансуров SUPER.KG порталына билдирди.
"15-17-февраль күндөрү биздин театрда коюла турган "Илегилек" спектаклине билеттер 200 сомдон 750 сомго чейин коюлган. Алдыңкы үч катардагы орундардын баасы 750 сом, ал эми калган катардагы орундар 200 сомдон. Бул спектаклди коюу үчүн атайын борбордон сүрөтчү, жарык берүүчү жана башка адистер чакырылган, ошол себептен билет баасы кымбат. Анын үстүнө, балким, билет баасы кымбат болсо, көрүүчүлөр "жакшы чыгарма го" деген ой менен көбүрөөк келеби деп да ойлогонбуз. Ар ким өз каражатына жараша билет сатып алса болот. Бул драма көпчүлүктүн купулуна толот деген ойдомун", - деп билдирди жетекчи.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда Султан Раевдин чыгармасынын негизинде ОУДТда коюла турган "Илегилек" спектаклинин билетинин баасы кызуу талкууга түшкөн.