Премьер-министр Сапар Исаков 2-февралда Казакстандын Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу алкагында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды.
Сапар Исаков Дмитрий Медведевди Орусия Федерациясынын Евразиялык экономикалык биримдикте 2018-жылы төрагалык кылуусу менен куттуктады.
"Орусиялык тараптын бардык демилгелери жана идеялары келечекте биримдиктин чыңдалышы үчүн өз пайдасын тийгизерине ишеним билдирем", - деп белгиледи Сапар Исаков.
Өкмөт башчылар соода-экономика, илимий-техника жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулашты.
Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоого багытталган маселелердин бардык тармактары боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендигин билдиришти.