Түштүк Африка өлкөсүндө акыркы 100 жылда болбогон кургакчылык башталды

Түштүк Африка Республикасында акыркы 100 жылда болбогон катуу кургакчылык башталды. Өлкөнүн Кейптаун шаары жакын арада ичүүчү суусу жок калуу коркунучуна кептелди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Буга чейин бир катар окумуштуулар аймакта мындай абал болорунан коңгуроо кагышкан. Бирок аны алдын алууга жумшалган бир канча аракеттер натыйжа берген эмес. Кейптаун суу сактагычындагы суунун көлөмү белгиленген чектен төмөндөп баратканы байкалган. Абал ушул бойдон уланса, апрелдин орто ченинде аталган шаардын тургундары суусуз калат.

Жергиликтүү бийлик шаар тургундарын сууну болушунча үнөмдөп пайдаланууга чакырууда. Учурда күнүнө 50 литрден ашык суу пайдаланбоо үчүн чектөө киргизилүүдө. Шаар бийлиги калк сууну үнөмдөбөсө атуулдарды мажбурлоо үчүн өтө жогорку тарифти киргизүү жагын карап жатат.

Тынчы бузулган жарандар суу токтой электе суу запасын камдоого аракет кылууда. Эксперттердин айтымында, Кейптаун - климаттык глобалдык өзгөрүүгө туш болгон биринчи чоң шаар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
rysik79
2018-02-03 13:28:29
Коркунучтуу го. Суу жок болсо аба бузулуп жатса. Кудайым сактай кор. Кыргызстаным бейишим го узагынан бер жаратканым.
+44
trabzon11
2018-02-03 15:17:26
Откондо жылуулук очкондо ызы
Чуу болуп жаман болду элибиз.кудайга
Шугур дейличи
+8
omke.85
2018-02-03 13:29:16
Мин мертебе шугур кылалы суунун кадырын билели жаратканга рахматыбызды айталы
+41
Medinaa
2018-02-03 14:22:00
Кудайга чексиз шүгүр!Бейиште жашайбыз...
+21
jasgul
2018-02-03 14:29:26
Кээ бир коменттерди карасан аябай эле негативге толгон создорду жазышат. Мындай жамандык баарына бирдей келет. Биринчи эл журтуна жакшылык тиле, анан озуно.
+7
Kalmurzaev8900
2018-02-03 14:30:04
Биздин кыргызстанга эмне жетсин
+12
langar
2018-02-03 14:53:39
Кыргыз болуп жаралганыма абдан суйуном
+6
Nursultan.nurik
2018-02-03 16:53:49
Аллага шугур
+1
amirrus
2018-02-03 17:11:22
Жашоого аба кандай керек болсо суу да ошондой керек.Суусуз жашоо токтойт ...
+3
Kenje67
2018-02-03 19:04:50
Ошондуктан, монгулорду сакташ керек.
+6
Aikoo2014
2018-02-03 19:36:01
Kenje67,

Ооба туура айтасыз.
+2
edua
2018-02-03 22:57:01
Суу жок болсо жашоо жок.Алтынын да байлыгын да бок болот жеп жутарлар.монгуго тийбегиле.бутжети жок эле жашаган кыргыз.суу жер байлык бизге
+3
kairan_ozum
2018-02-03 23:15:17
Кудайга шугур суубуз кенен ошону баалай билсек экен!
+1
bakulya2015
2018-02-04 03:30:30
Аллага шугур кылалы мекендештер. Оор абалга келип калышыптыргт кудай сактасын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан