Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз өлкөсүндө чыгарылган троллейбусту сыноодон өткөрүп, өлкөнүн техникалык өндүрүшүн өркүндөтүү зарылдыгын айтты. Президент жаңы троллейбуста түнкү Пхеньянды айланып чыккан. Бул тууралуу Кореянын борбордук маалымат агенттигине таянып чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматтарга караганда, өлкө башчысы коомдук транспортто ашыкча үн, ыңгайсыздык жараткан жагдайлар жоктугун белгилеп, Пхеньяндагы жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн ички транспорттук өндүрүштү кубаттоого чакырды.
"Биз жаңы нерселерди чыгарып гана тим болбостон, өзүбүздүн технологияларыбызды, өндүрүш процесстерин жакшыртышыбыз керек", - деп билдирген Ким Чен Ын.