Түштүк Кореянын белгилүү музыкалык топторунун бири “Bigbang” бойдокчулук менен коштошууну баштады. Тагыраагы 5 жигиттен турган топтун ырчысы Тэяң кесиптештеринен биринчи болуп кечээ, 3-февралда үйлөндү. Ал өзүндөй эле атактуу, корей актрисасы жана модели Мин Хёрин менен расмий никеге турду.
Тойдон кийин эки жаш бал айын өткөрүшөрү айтылган. Алдын ала жарыялангандай, андан ары Тэяң аскердик кызмат өтөөгө кетет. Түштүк Кореяда 18 жаштан улуу эркектердин баары милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөшөт. Коомчулук мындайда өзгөчө белгилүүлөргө көз салып, кайсы атактуу аскерге жөнөгөнү жатат, же тескерисинче кечиктирип жатканы болсо, аны сөз кылышат. 35 жашка чейин убакыт болгону менен көпчүлүгү 20 жашка жетпей эле милдетинен кутулушат.
Эки атактуу кыз-жигит экенин 2015-жылы жарыялашкан. Ал эми бири-бирине болгон сезимдери Мин Хёриндин Тэяңдын “1AM” клибине тартылган соң пайда болгонун билдиришкен болчу. Анда актриса клипте ырчынын сүйүктүүсү катары роль жараткан.
Маалымат үчүн:
“Bigbang” тобунун ырчысы Тэяң 29 жашта. Ал топтун бийчиси жана композитору катары да белгилүү. Топтон тышкары өз алдынча аткарган ырларынын ичинен “Eyes, nose, lips” деген чыгармасы хит болгон.
Мин Хёрин 31 жашта. Адегенде карьерасын модель катары баштап, кийин клиптерге тартылууга чакырылып, көп өтпөй ырчылыкка өткөн. Ал эми актриса катары “Күндөй жаркыраган” деген тасмадан элге таанылган.