Ким Кардашьяндын сиңдиси, 20 жаштагы модель Кайли Женнер алгачкы ирет эне болду

Голливуд жылдызы Ким Кардашьяндын сиңдиси, 20 жаштагы модель Кайли Женнер биринчи жолу эне статусуна ээ болду. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Кайли Женнер

Маалым болгондой, модель 1-февраль күнү көз жарган.

"Кош бойлуу экенимди ачыкка чыгарбаганым үчүн кечирим сурайм. Мен буга чейин ар бир жасаган иш-аракеттеримди коомчулукка жарыялап көндүрүп алгам. Бирок кош бойлуулугумду элден жашырууну туура көрдүм. Себеби стресстен алыс болуп, эне болууга даярданышым керек эле. Мындан улам менин өтүнүчүмдү орундатып, эл көзүнөн алыс болууга жардамдашкан үй-бүлөмө терең ыраазымын. Ымыркайым 1-февралда жарык дүйнөгө келди. Мен бул тууралуу коомчулукка сүйүнчүлөй турган күндү чыдамсыздык менен күттүм", - деген ал.

Трэвис Скотт менен

Белгилей кетсек, жаңы төрөлгөн ымыркайдын атасы Кайли Женнердин сүйүктүүсү, 25 жаштагы музыкант Трэвис Скотт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Omuur94
2018-02-05 10:45:39
Куйоосу гафкара го кара эмес эле :)
+11
Batma08
2018-02-05 11:21:09
Omuur94,ошодааа
+1
KUBI
2018-02-05 11:32:18
Кыйналбай эле тороду болуш керек.
+1
gulum90
2018-02-05 12:18:49
KUBI,неге антип ойлойсун?
0
gulzar_gulu
2018-02-05 11:43:27
1998-жылкы болуп калабы? Мен оо 90-91 го ойлогом.))
+4
aiba-889290
2018-02-05 11:50:15
gulzar_gulu,1997-жылкы Кайли.
0
NURTILEK_KG
2018-02-05 14:09:33
Кыз аябай сулуу экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан