Саддам Хусейндин кызы издөөдөгү кылмышкерлердин тизмесине кирди

Рагад Саддам ХусейнИрак бийлиги издөөдө жүргөн кылмышкерлердин тизмесин жарыялады. Ал тизмеге 60ка жакын адамдын ысымы жарыяланган, арасында Ирактын мурунку президенти Саддам Хусейндин кызы, учурда Иорданияда жашаган Рагаддын да аты-жөнү бар. Бул жөнүндө чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

“Түзүлгөн документте “Ислам мамлекети” террордук тобунун 28 командири, “Аль Каида” уюмунун 12 жетекчиси жана Араб социалисттик кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнүн ысымдары жазылган. Алардын арасында Рагад Саддам Хусейн да бар. Тизмеде көрсөтүлгөндөрдүн ичинде "Ислам мамлекети" террордук тобунун башчысы Абу Бакра аль-Багдадинин ысымы жок, учурда ал каякта экени белгисиз”, - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле издөө салынгандардын баары тең Ирактын аймагында эмес экендиги жана аларды экстрадициялоо жөнүндө маселе Интерпол менен биргеликте чечиле турганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
eldar96
2018-02-05 10:01:26
Атасы кандай гана данктуу киши эле. АКШ тубуно жетип бутту. Мына эми, лидерин сатып кетишип, согуштан башы чыкпай журушот.
+15
murat17
2018-02-05 19:00:08
eldar96,зн туура
+1
lenin1870
2018-02-05 12:30:54
Ислам тобунун 28жоокерин издегенден коро аларды каржылагандарды токтотуш керек.Ошондо озунон озу жок болсо керек.Буларды бир адам эле каржылабаса керек.
+6
murat17
2018-02-05 19:03:22
бул АКШ деген тынч жаткан Ливияны дагы талкалады Каддафи эн соонун башкарган эле гана эми биput да кудайым мыкты башкаруучу берсин жеп жутар эмес тантык эмес элдин камын ойлогон берсин ылайым
+2
MUHLISA
2018-02-05 19:30:39
АКШ, РФ башынтыгып, ички саясатына киришпеген өлкө калбады окшойт. Калгандарына болсо согуш ачуулары менен алек болуп жатышат .Өздөрү жасаган желмогуздар менен өздөрү согушуп....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан