"Unravel Project" америкалык мода үйү өзүнүн кардарларына жаңы саркеч курларды сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жынсы материалынан жасалган кур шымдын үстүнкү бөлүгүнө окшош. Анын чөнтөктөрү, сыдырмалары жана топчулары бар. Бул курду мода үйү өзүнүн кардарларына кийимдин сыртынан тагынууну сунуштайт. Бирок мындай ойлоп табууну көпчүлүк интернет колдонуучулар шылдыңга алып, ар бир адам эскирип же тытылып калган жынсы шымынан мындай кур жасап алганга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдиришкен. Ошондой эле бул курду 405 долларга акылы жоктор гана сатып ала турганын кошумчалашкан.
Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле мода үйү коомчулукка баасы 900 доллар турган тескерисинен аңтарылган жынсы шымдарды сунуштаган.