Акылбек Абдыкалыков: "Жашы өтүп калган кишинин жаш кызга болгон сүйүүсүн ар ким ар кандай кабыл алат"

Режиссёр Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" деп аталган толук метраждуу тасмасы Эстонияда өткөн эл аралык "А" классындагы "Караңгы түндөр" кинофестивалында баш байгени жеңип алган. Бүгүн аталган тасманын жаратуучулары атайын жыйын өткөрүшүп, фильм тууралуу айтып беришти.

Маалым болгондой, "Түнкү кырсык" Кыргыз кинематографиясынын тарыхында эң алгачкы болуп "А" классындагы кинофестивалда баш байгеге ээ болгон. "Кыргызфильм" тарабынан каржыланып, тартуу иштери 1 жылга чейин созулган бул фильм Ысык-Көлдө тартылган.

"Жашы өтүп калган кишинин жаш кызга болгон сүйүүсүн чагылдырган тасманы ар ким ар кандай кабыл алат. Бирок бул чыныгы сүйүүнү, таза сезимдерди даңазалаган тасма. Мен үчүн аталган фильмге тартылуу оңой болду. Анткени тасманы өз ишин мыкты билген чыныгы адистер тартышты", - деп билдирди башкы каармандын образын жараткан Акылбек Абдыкалыков.

Эстонияда өткөн кинофестивалдан кийин аталган тасманы дүйнө элине көрсөтүү үчүн көптөгөн сунуштар түшүп, кинофестивалдарга чакыруулар болгон.

"Биздин эмгегибиз эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлүп, жогорку баага татыктуу болот деп ойлогон эмеспиз. Бирок аны жаратууда өзгөчө ыкма, башкача көз караш менен ишке ашырдык", - дейт тасманын экинчи режиссёру Асель Жураева.

Сценарий боюнча жашы өтүп калган бир айылдын жашоочусу жалданма адам өлтүргүч кызды жарадар болуп жаткан жеринен таап алат. Кызга бир нече убакыт бою кам көргөн кишинин жаш кызга болгон сезимдери ойгонуп, аны сүйүп калат.

Тасма коомчулукка жакынкы күндөрү тартууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
HAPPY.GIRL
2018-02-05 14:32:59
Коруш керек экен...
+5
take1984
2018-02-05 15:52:37
дурус братка окшош экен кино
0
Azat.97
2018-02-05 16:06:55
Ушундай кинолорду коруш керек анан каяктага Тиги-Бу, Пентхаус,Доктор Айболот дегендерге караганда
+5
Alixan-Nookat.2015
2018-02-05 19:03:40
Azat.97,Туура айтасың күүн ыссыкы деп ырдайт элего Браво деген кино беле ошондой кино көргөндөн көрө ушундай кинолорду көрүш керек
+2
Ayida
2018-02-05 21:22:47
Бул кино деле жакшы эместей.Отоо эле каары чалды тартып жанына жаш кызды койуп
+3
kansulu
2018-02-06 06:20:34
Ayida,оа кичине жашыраагын тартса болмок же баласына суйдуруп койбоптур режиссер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан