SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу жаш ырчы Айдана Дека.
Аз убакытта шоу-бизнестен өз ордун тапкан ырчы 1996-жылы 5-октябрда Бишкек шаарында туулган. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүн аяктаган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.
Айдана Деканын аткаруусундагы "Кыздын сыры", "Бакытым" чыгармалары жана Аваз Акимов менен бирге аткарган "Аппагым" дуэти элге кеңири тараган.
Айдана Декага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Ырчы бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.