Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму спирттик ичимдиктер пайда кылган рактын 7 түрүн атады

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Ракка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата алкоголдук ичимдикти ичкендерге жана онкологиялык оорусу барларга эскертүү жарыялады. Бул жөнүндө чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дүйнө элдери онкологиялык ооруларга каршы күрөшүү күнүн 4-февралда белгилейт.

Окумуштуулардын изилдөөсү көрсөткөндөй, спирттик ичимдиктер аз дегенде рактын 7 түрүн пайда кылат. Алкоголдук ичимдиктерден улам ичегиде (жоон ичеги жана түз ичеги), эмчекте, кызыл өңгөчтө , кекиртекте, боордо, ооз көңдөйүндө рак илдети пайда болушу мүмкүн.

“Алкоголдук ичимдиктерди ичүүдө организмдеги клеткалар жабыр тартып, оорунун коркунучу күчөйт. Спирт ичимдигин жана тамекини бир убакта организмге кабылдоо адамдагы онкологиялык оорулардын пайда болушун күчөтөт. Күнүнө 4 стакан шарап ичкен аялдарда эмчек рагынын пайда болуу коркунучу 50 пайызга өсөт, күнүнө 8 стакан иче турган болсо бул көрсөткүч 130 пайызга жогорулайт”, - деп айтылат окумуштуулардын иликтөөсүнө таянып жазылган маалыматта.

Ошондой эле кабарда көпчүлүк адамдардын спирттик ичимдиктер ракты пайда кыларынан толук кабары жок экендиги жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
MUHLISA
2018-02-05 18:53:36
Аллах каргыш кылган арам деген нерселерде береке жоктугуна дагы бир далил...
Аллаху Таала өзү жараткан Адам ата балдарына бир кыпынчалык да зыян жеткирбейт, биз өзүбүзгө өзүбүз зулум кылып, кылба дегенин кылып , ичпе дегенин ичип тыйуу салууларына каршы иш кылып, жатабыз.
+5
gulum90
2018-02-05 19:05:15
MUHLISA,ооба
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-05 19:03:54
Эми каалоочулар ичет жейт эчким оозубузга куйбайт.
0
vavilon.
2018-02-05 20:25:46
Ким билсин эми ичкендер ичип эле журот 60-70жаштагылар деле. Ал эми ичпей жургон жапжаш балдар деле ракка чалдыгып калганы бар. Бешенеге жазганы да
+1
omke.85
2018-02-05 22:20:47
vavilon.,окумуштуу деген атты эле алып жургону болбосо туура эмес айткандары ичкен арам деп эле койсо болмок айткандай жаш адамдарда кездешип жатат рак ичмек турсун чекпегендерде
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан