"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Ван Дамм" чычкан интернетти багындырууда" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеодо чычкан ээсинин эки тизесинин ортосунда белгилүү актёр Жан-Клод Ван Даммдай болуп шпагатка отурат. Видео жаныбарлардын видеосун сүйүүчүлөрдүн "animalsmajor" баракчасына жайгаштырылган. Эки күндүн ичинде аталган видеону 800 миңден ашуун адам көргөн.
Ошондой эле видеого миңден ашуун билдирүү түшкөн. Анда колдонуучулар көбүнчө спорт менен көптөн бери машыкпай калган досторуна чакырык ташташкан.
Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.