Азербайжанда президенттик шайлоо 11-апрелде өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин шайлоо ушул жылдын октябрь айында өтөт деп пландалып жаткан. "Жаңы Азербайжан" партиясы президенттикке Ильхам Алиевди сунуштайт.
2016-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, президент 7 жылдык мөөнөткө шайланат. Учурда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев.