"Азия Микс" командасы жаңы долбоорун тартуулады. Анда жеңүүчүлөр ири суммадагы акчалай сыйлыктарга ээ болушат

КВНдин Жогорку Лигасында жеңүүчү аталган, белгилүү "Азия Микс" командасы КВНге катышуусун токтоткон соң жаңы долбоордун үстүнөн иштеп чыкты. Анын алкагында долбоорго катышкан таланттуу адамдар акчалай сыйлыктарга ээ болушат. Команданын капитаны Эльдияр Кененсаров долбоор сынак иретинде Азия жана Орусия аймагында өтө турганын айтты.

"Биз командабыз менен бөлүнгүбүз келбей, КВНден кийин жаңы долбоор иштеп чыктык. Башында сынакты Кыргыз өлкөсүндө өткөрөлү деген ойлор бар болчу. Анан "Бизди Азия аймагынын баары көрөт" деп ойлонуп, бардык Азиянын тургундары арасында өткөрөлү деп ойлонуп, аздан соң сынакты бардык орус тилдүү аймактарда жүргүзүүнү чечтик. Биз таланттуу адамдарды ар түрдүү бий, ыр, сулуулук жана башка сынактарыбызга катышууга чакырабыз", - деди ал.

Долбоордун ичине сулуулук сынагы "Мисс Азия MIX", таланттардын сынагы "AsiaVision" жана "VideoBattle" сыяктуу сынактар кирмекчи. Негиздөөчүлөрдүн айтымында, сынактар калыстар тобу жок өтүп, жеңүүчүлөрдү добуш берүү жолу менен көрүүчүлөр тандайт. "AsiaVision" жана "VideoBattle" сынактарында жеңүүчү апта сайын аныкталып, сыйлык иретинде 500 доллардан берилип турса, "Мисс Азия MIX" сынагында жеңүүчү ай сайын аныкталып, жеңген катышуучуга 2000 доллар акчалай сыйлык берилип турат.

"Мисс Азия MIX" сынагына моделдер гана эмес, бардык айымдар катыша алат. Сынактын жыйынтыгында, таланттуу, жагымдуу жана жылдыздуу кыздар жеңүүчү аталат. "AsiaVision" сынагында катышуучулар бийлеп, ырдап, ар түрдүү таланттарын көрсөтүшсө, "VideoBattle" сынагы вайнерлер арасында мыкты күлкүлүү видеолор боюнча өтөт", - деп кошумчалады Эльдияр Кененсаров.

Кыргыз жеринде Мc_doncha ысымы менен белгилүү болгон вайнер Данияр Токтомаметов долбоордун резиденти болуп "VideoBattle" сынагын тейлейт.

"Мен долбоордо резидент катары иштеп жатам. Биз Бахтияр Касымалиев менен бирге "VideoBattle" сынагы үчүн жооп беребиз. Долбоордун алкагында мен автордук, техникалык жана видео тартуу боюнча иштерди алып барам. Негизи долбоордо иштегендерге өзүнчө жумуш бөлүнгөнүнө карабай, бардыгы универсал болгондуктан ар түрдүү иштерди аткарганга даяр", - деди вайнер.

Ал эми "Мисс Азия MIX" сынагына дагы бир белгилүү вайнер Элдана Сатыбалдиева жооптуу болсо, "AsiaVision" таланттар сынагын "Азия Микстин" курамындагы Сергей Душимов тейлейт.

Белгилей кетсек, 2016-жылы “Азия Микс” командасы КВНдин Жогорку Лигасында чемпион болгон. Алар финалдык оюндун жыйынтыгында 10,9 упай менен биринчи орунду ээлеген. Ал эми бул жеңишке чейин аталган команданын капитаны Эльдияр Кененсаров "быйылкы жылдагы КВНдин алкагында өтүп жаткан оюндар акыркы болот" деп айткан эле.

"Азия MiX": "Эл аралык деңгээлдеги долбоорду ишке ашырабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sirgak_92
2018-02-06 15:35:44
Эмне булар кыргыз тилин билбейби??Уят го
0
sirgak_92
2018-02-06 15:37:34
Казак Квнчилери даже добура чертип казакча суйлошот го.!!!!Уят Уят!!!!!
0
Tash-Myltyk
2018-02-06 15:49:21
кантип катышыш керек ?
0
Azatbek83
2018-02-06 20:41:39
Азаматтар Молодцы
+1
topi
2018-02-06 21:16:46
Орус тилин онугушуно оз чонтогунон салым кошкондор азамат, орус эли улуу эл куу эл экен биз ушуга гана татыктуубуз орускулдар
-1
zhaku2017
2018-02-06 21:52:39
Молодцы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан