Ырчы Дан Балан 1979-жылы 6-февралда Молдавиянын борбору Кишинёвдо туулган. Дан Баландын атасы Михай Балан дипломат, апасы Людмила Балан Молдовада популярдуу телеалпаруучу болгон. Ырчы үч жашына чейин чоң энесинин колунда, Огеев районунун Требужен айылында жашаган. 11 жашында ага ата-энеси аккордеон белекке берип, ошондон тарта жаш ырчы өзүнүн алгачкы обондорун чыгара баштайт. 1994-жылы атасы Молдованын Израилдеги атайын элчиси болуп дайындалып, үй-бүлөсү менен Израилге көчүп кетишип, 1996-жылы Кишинёвго кайра кайтып келишкен. Мектепти аяктап, Молдова мамлекеттик университетинин укук бөлүмүнө тапшырып, бирок музыкага болгон сүйүүсү окуусун таштаганга мажбур кылган.

1997-жылы өзүнүн жеке "Inferialis" деп аталган рок тобун ачкан. Ал тарап кеткен соң 1999-жылы үч жигиттен турган “O-Zone” тобун түзүп, Балан топтун продюсери катары таанылган. Алардын репертуарындагы ырлардын дээрлик баарын өзү жазып, топ музыкалык чокуну багындыра алган. Кийин жеке карьера түзүүнү туура көрүп, 2005-жылы топ таркаган.
2005-жылы ырчы жеке карьерасын улантуу максатында Лос-Анжелес шаарына көчүп барат. Ушундан тартып румын тилинде эмес, жалаң англис тилинде ырдаганга өткөн. Ал жакта ырчыга белгилүү продюсер Жек Жозеф Пуиг колдоо көрсөтөт. 2007-жылы дискотеканын хит ырларына айланган Дан Баландын "Акылдан адашкан" (“Crazy Loop”) ыры жарыкка чыккан. Ал эми "Бомба" ("Chica Bomb") аттуу ыры ырчынын визиттик карточкасына айланган.
2010-жылы орус ырчысы Вера Брежнева экөөнүн “Көз жаштын тамчылары” (“Лепестками слёз”) аттуу ыры менен күйөрман кыздардын жүрөгүн багындырган. Вера Брежнева Дан Балан менен Нью-Йорк шаарында “Чоң шаардагы сүйүү” ("Любовь в большом городе") тасмасына тартылып жүргөндө таанышкан. Ырдын клиби Киев шаарында тартылган.
Ырчы румын, англис, орус, испан жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт.
Дан Балан - бойдок. Ырчы чыныгы сүйүүнүн даамын 16 жашында сезгенин, андан кийин сүйүүгө кабылып көрбөгөнүн айтып келет.