Бүгүн, 6-февралда Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия биринчилигинде Кыргыз курамы тайпалык оюндардагы акыркы беттешин өткөрөт.
Тактап айтканда, Кыргыз курамы Таиланд футболчулары менен беттеш өткөрүп, тайпадан чыгууга жана 1∕4 финалдык баскычта ойноого аракет кылат. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат. Учурда Кыргыз жана Ливан курамы 4төн упай менен сап башында, Таиланд 3 упайга ээ болсо, Иорданиянын бир да упайы жок.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз курамы Таиланд менен 7 жолу беттешип, 1 жолу жеңишке жеткен.