"Victoria's Secret" бренди сүйүшкөндөр күнүнө карата жаңы коллекциясын тартуулайт

Дүйнөгө белгилүү "Victoria's Secret" бренди 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүнө карата жаңы коллекциясын тартуулайт. Бул тууралуу бренд социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыялады.

Маалым болгондой, бренд "Victoria’s Secret Valentine’s Day Collection 2018" аталышындагы коллекциясынан бир аз гана сүрөттөрдү жүктөгөн. Анда Тейлор Хилл, Жасмин Тукс, Стелла Максвелл жана башка аталган бренддин "периштелери" майрамдык топтомду тартуулашкан. Мода үйүнүн билдиришинче, топтом көрүүчүлөргө толугу менен майрам жакындаганда атайын көргөзмөдө тартууланат.

"Victoria's Secret" - айымдарга арналган ич кийимдерди чыгаруучу бренд.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BakytAliev
2018-02-06 12:59:16
Не экен деп кирип алыпмын жакшы тушунбой))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан